«Ата Мекендин» юристтеринин маяналары камакка алынды

Сүрөт: «Азаттык»

Бишкектин Октябрь райондук соту «Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин айлык маяналарын камакка алды. Юристтер президент Алмазбек Атамбаевге моралдык зыян катары 10 млн сом кун төлөп беришпегени үчүн сот ушундай чечим кабыл алган.

«Ата Мекендин» юристи Таалайгүл Токтакунова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, анын айлык маянасын «мөөнөтсүз» камакка алышкан.

«Айлык маяналарды камакка алышты. Биз чечимди даттанабыз. Мыйзам боюнча алар айлык маянанын 100 пайызын камакка алууга укуктары жок, алар болгону 50 пайызын гана төлөтүп ала алышат. Биз кул эмеспиз да, биз бир гана ага иштей албайбыз», — деди Токтакунова.

Бишкек шаардык соту 18-августта юристтер Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди моралдык зыян катары Атамбаевге 10 млн сом күн төлөп берүүгө милдеттендирген.

Башкы прокуратура партиянын юристтери Атамбаев менен анын айланасындагыларынын 2017-жылдын январында Дача-СУ кыштагында түрк компаниясынын учагынын кыйрашына ыктымал тиешелери бар деп билдиришкенден кийин өлкө башчысынын атынан аларга каршы арыз берген.

Учактын кыйроосунун натыйжасында экипаждын төрт мүчөсүн кошуп, 39 адам мерт болгон. Кыргызстандын өкмөтү зыянды 186 млн сомго баалаган.

Юристтер «жалган» жана «сатылма» сот токтомдоруна каршылык билдирүү максатында чечим чыгарылган сот жыйынына барышкан жок.


ТЕМА БОЮНЧА: