Икрамжан Илмиянов «Манас» орденин алды

Президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси жана мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Бул боюнча жарлыкка Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда кол койду.

Анын ичинде президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Ал эми Фарид Ниязов II даражадагы «Манас» орденин алса, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага «Курманжан Датка» ордени ыйгарылды.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, анын ичинде «Ата Мекен» фракциясынан Эмил Токтошев дагы мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан.

Маданият тармагынан Кайрат Примбердиев «Эмгек сиңирген артист» наамын алса, куудул Күмөндөр Абылов «Эл артисти» ардактуу сыйлыгына татыган.

Авторлор: Найзабек Мукамбетов, Элвира Акимова


ТЕМА БОЮНЧА: