Фарид Ниязов кайрадан президенттин кеңешчиси болуп калды

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кеңешчиси кылып Фарид Ниязовду дайындады. Буга чейин Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болчу.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Ниязовдун дайындалашы боюнча жарлыкка 1-декабрда кол койгон. президенттик шайлоо учурунда Ниязов Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабын жетектеген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 23-ноябрда Ниязовду президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси кызматынан бошоткон.

Кызматтан бошотулганга чейин бир күн калганда Атамбаев Ниязовду «жакшы уазир» деп атап, «Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы» үчүн аны II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Президенттин айтымында, Ниязов бул сыйлыкка «татыктуу».


ТЕМА БОЮНЧА: