Патрулдук милициянын унаасын сүзгөн айдоочуга кылмыш иши козголду

Бишкекте «Мазда» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу патрулдук милициянын кызматтык унаасын сүзүп алды. Экспертиза айдоочу жана анын жүргүнчүлөрү мас абалында болгонун көрсөттү. Свердлов РИИБ кырсыктын күнөөкөрлөрлөрүнө карата кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, партулдук милиция башкы башкармалыгынын кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгы 6-декабрда саат 17:00те Бишкектин Шопоков көчөсүндө орун алган.

Милиция кызматкерлерине «Дордой» базарына патрул чакыруу боюнча билдирүү түшкөн. Алар Шопоков көчөсү менен бара жатып, түстүү маякчаларын жана катуу үн чыгаргычтарын күйгүзүп айдоочуларга жол бошотууга белги беришкен.  

Буга карабастан, алардын машинасы «Мазда Атенза» үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышкан. Кырсыктан кийин милиция кызматкерлери «Мазда» унаасынын айдоочусун экспертизага жиберүүгө аракет кылышканда андагы жүргүнчүлөр тартип сакчыларына каршылык көрсөтүшкөн.  

Жол кырсыгынын катышуучулары менен милиционерлер ортосунда кайым айтышуу жаралган.

Ошондой эле, жүргүнчүлөр патрулдук милициянын кызматтык унаасынын ичинен видеорегистраторду алып чыгып, ичиндеги флеш-картаны тартып алышкан.

Экспертизанын жыйынтыгы «Мазда» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жана анын жүргүнчүлөрү мас абалында болушканын көрсөткөн. Милиция кызматкерлеринин канында алкоголдун белгилери табылган эмес.

Свердлов районунун ИИБи жол кырсыгынын күнөөкөрлөрүнө карата «Ээнбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Эки автоунаа тең атайын унаа токтотуучу жайга жайгаштырылды.

Фотосүрөт: Kaktus.Media


ТЕМА БОЮНЧА: