Бабанов НТС телеканалынын мүлкүн камакка алууну «рейдерлик басып алуу» деп атады

Сүрөт: Өмүрбек Бабанов / Фэйсбук

НТС телеканалы менен байланыштыгы бар опппозициячыл депутат Өмүрбек Бабанов телеканалдын мүлкүн камакка алууну «рейдерлик басып алуу» деп атады.

Бабанов өзүнүн фэйсбуктагы райсмий барагында сотту колдонуу менен телеканалга обого чыгууга тыюу салышууда деп жазган.

«Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык — куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат — көзкарандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?», — деп жазган ал.

Мүлктү камакка алуу

Сот аткаруучулары НТС телеканалынын имаратына 19-декабрда кечки саат бештен кийин келишкен. Алар телеканалдын кызматкерлерине Бишкек райондор аралык соттун компаниянын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камакка алуу тууралуу түшүндүрмөсүн көрсөтүшкөн.

Сот мындай чечимди “Grexton Capital Ltd” компаниясынын мурда телеканалга ээлик кылган «Аянт» компаниясына карата берген арызынын негизинде кабыл алды.

НТС каналынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу телеканалды камакка алууну «сөз эркиндигине кысым» деп атады.

«Биздин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүбүздүн бардыгын, жада калса радиотолкунду камакка алуу чечими чыккан. Бул сөз эркиндигине карата жасалган кысым. Сот күндүзү чечим кабыл алып, бир нече сааттардан кийин эле мүлктү камакка алууну башташты. Биз эртеңки күндүн күндүзгү саат 11:00не чейин жылдырууну сурануу арызын жаздык», — деди ал.

Телеканалдын юристи соттун чечимине ылайык, НТС каналына маалымат чагылдырууга мүмкүн болгон бардык мүлктөрдү жана жабдыктарды колдонууга тыюу салынганын айтты.

«Бул иш боюнча НТС жоопкер тарап катары эмес үчүнчү тарап катары өтүүдө. Бул жерде тыянак кылса болот: телерадиокомпанияга обого чыгууга тыюу салышууда. Бул жерде биз юридикалык жактан жоопкерлер менен эч кандай байланыш эмеспиз», — деп билдирди ал.

Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиевдин айтымында, “Grexton Capital Ltd” компаниясы Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев менен байланыштуу.

Елена Дзимидович

«Grexton Capital Ltd» компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович телеканалга карата эмне үчүн арыз берилгенин айтуудан баш тартты.

«Учурда мүлктү каттоо жүрүүдө, бул обого чыгууга тоскоол болбойт. Сот аткаруучулар өз жумуштарын аткарышып, бардык мүлктү толугу менен катташышат, андан соң жумуш улана берет. Ошондуктан обого чыгуу токтотулат деп айтуу чуу жаратуу үчүн телеканалдын кызматкерлеринин демилгелери. Биз мүлктү каттап жатабыз, анткени мыйзам боюнча ушундай кылуу шартталган», — деди ал.

Бабановго каршы кылмыш иши

Өмүрбек Бабанов шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Учурда Бабановго каршы Ош шаарындагы «Амир-Тимур» (мурдагы Он Адыр) кичи районунда үгүт кампаниясынын учурунда «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн кылмыш иши ачылган.

Прокуратура анын айткандары «улуттук аралык кастыкты козутууга, адамдарды баш ийбөө чагымына жана учурдагы бийликти кулатууга» багытталган деп эсептейт.

Шайлоодон кийин Бабанов дарыланууга Москвага жөнөп кеткен. Учурда ал Кыргызстанга келгенби же жокпу белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: