Депутаттар калпак кийгизилген иттин ээсин жоопкерчиликке тартууну талап кылышты

Парламенттин депутаттары «БишкекПарктагы» көргөзмө учурунда өз итине калпак кийгизген кыз «сыйлабастык» көрсөттү жана жазага тартылышы керек деп эсептешет. Алардын пикири боюнча, УКМК менен Башкы прокуратура бул маселени изилдеп, өлкөнүн «намысын сакташы» керек.

Парламенттин бир нече депутаттары 22-декабрда «БишкекПаркатагы» көргөзмө учурунда калпак кийгизилген иттин ээсин жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдиргендей, бул «эң маанилүү маселе», анткени «өлкөнүн намысы» мазакталды.  

«Биз итке өзүбүздүн символубузду кийгиздик. Тагыраак айтканда итти кыргыз, ал эми кыргызды — ит кылдык […]. Эмне үчүн УКМК үндөбөй, ал эми Башкы прокуратура баа бере албай жатат? Бүгүнкү күндө бул эң маанилүү маселе. Эртең чочкого калпак кийгизишип, ал эми тууну мышыктарга төшөнчү кылышат!», — деди ал.

Башка  «Өнүгүү-Прогресс» фракциянын депутаты Тазабек Икрамов жада калса эгерде иттин ээлери кечирим сурашкан күндө деле, алар бары бир жоопкерчиликке тартылышы керек деп айтты.

«Калаанын борборундагы ири соода борборунда иттерге калпак кийгизишти. Бул аркылуу мындай адамдар улуттук баш кийимге сыйлабастык мамиле көрсөтүштү. Аларды жоопкерчиликке тартуу керек. Кожоюндары канча жолу кечирим сурашпасын, алар мыйзам боюнча жазага тартылышы керек», — деди Икрамов.

Ак калпак күнүнүн демилгечилеринин бири, режиссер Рысбек Жабиров өзүнүн фейсбук барагында Башкы прокуратурага кайрылуу жасаган. Ал итке калпак кийгизип, подиумга алып чыгаргандарды жоопко тартууга чакыркан.

Анын пикирине ылайык, иттин кожоюну менен уюштуруучулардын «итке кыргыз калпагын кийгизүүсү кыргыз элин шылдыңдоо, итке теңөө жана улутка болгон наадандык көз караш». «Алар ойлогондой бул мода дагы, искусство дагы эмес. Ар бир кыргыз үчүн эли, жери, туусу, ак калпагы ыйык», — деп жазган Жабиров.

Фестивалдын уюштуруучулары катышуучулардын костюмдары үчүн жооптуу эмес экендерин жана мода көрсөтүү — бул «жөн гана конкурс» деп эсептешет. Бирок кийинчерээк алар катышууга калпак кийгизилген итти чыгарышканы үчүн кечирим сурашкан.

Калпак кийгизилген иттин сүрөттөрү «Dog’s Fashion Show-2018» көргөзмөсүндө тартылып алынып, интернетке жарыяланган. Иш-чара 22-декабрда «БишкекПарк» соода борборунда өткөн.

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда Улуттук ак калпак күнү майрамдалат. Майрамдык иш чараларды өткөрүүнүн демилгечиси кинорежиссер Ырысбек Жабиров болуп калган. Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 26-июнунда Улуттук баш кийим күнүн майрам деп тааныган.


ТЕМА БОЮНЧА: