Ош шаарынын борбордук аянтынан 14 тонна таштанды чыгарылды

Ош шаарынын борбордук аянты. Сүрөт: Ош-Тазалык

Жаңы жылды майрамдагандан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 14 тонна таштанды чыгарылды. Ага 36 жумушчу жана эки техника тартылды.

Ош-Тазалык муниципалдык ишканасынан «Клоопко» билдиришкендей, аянттан 14 тонна ташкандыны чыгарууга төрт жарым сааттай убакыт кеткен.

«Ош шаарын тазалоо жумуштары 2018-жылдын 1-январында танкы саат 04:30да башталды. Борбордук аянтты тазалоого 35 жумушчу, 2 техника тартылды», — деп кабарлашты мамлекеттик мекемеден.

Ош-Тазалыктын жумушчуларына борбордук аянттагы майрамдан кийин калган таштандыларды тазалоого жергиликтүү активисттер көмөк көрсөтүшкөн.