Аталар кошо төрөшкөндө. Үй-бүлөлүү түгөйлөр кантип бирге төрөшөт?

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Төрөт учурунда болочоктогу эне жакындарынын бирин жанында болуусун суранышы мүмкүн — көпчүлүк учурда бул анын жолдошу болот. Өнөктөш төрөт — бул модада болуу эмес, бул оор мүнөттөрдө сүйүктүү адамга жардам көрсөтүү. Үй-бүлөлөр бул биргелешкен тажрыйбаны кантип баштан өткөрүшөт?

Рустем жана Анна Ильясовалар: «Кай жерде болбосун бири-бирибизди колдоо»

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Рустем:

Колуктум экөөбүздүн үч балабыз бар. Биринчи төрөттө мен ошол күнү жумушта болгондугуман улам жубайым менен бирге боло албай калгам. Мага төрөт башталганын деле айтышкан эмес, жөн гана ата болуп калганымды кабарлашкан. Аняга ыңгайсыз болгон — ал кадимкидей эле райондук төрөт үйүндө көз жарып, ага ал жакта корс мамиле кылып коюулары мүмкүн болчу. Алар «Келесоо, эмне кыйкырып жатасың?» деген сыяктуу нерсе айтып коё алышмак. Экинчи жана үчүнчү төрөттөргө мен катышкам.

Мен кантип бул чечимге келдим? Өзүм бул жөнүндө ойлонгон эмесмин, бирок аялым ошого аргасыз кылып койду. Ал «Сен төрөттү өзүң кабыл аласың же биз төрөгөнү чогуу барабыз» деп айткан. Негизинен тандоом деле жок болчу. А балким, мен өзгөчө ата болсом керек: мен сүрөтчү болуп иштегеним менен акушер-фельдшерликке окугам.

Биринчи жолу төрөттү мен 19 жышымда практикага барган кезде көргөм. Ал жаш кыз болчу, биз ал жактан канды дагы, кыйкырыктарды дагы көрүп, андан кийин аны тиккенбиз. Жалпысынан ошол түнү бизде алты аял көз жарган. Канды көрүп эс-учун жоготуп кулагандар дагы болгон, мен болсо жаратылышыман эле абдан токтоо болгонум үчүн андай болбодум.


Колуктум «Сен төрөттү өзүң кабыл аласың же биз төрөгөнү чогуу барабыз» деп айткан. Негизинен тандоом деле жок болчу.


Экинчи төрөт учурунда аялымды төрөт залына киргизишип, ал эми мени болсо киргизүүнү каалашкан эмес, бирок мен ал жерде аялым менен бирге болууга жетишкем. Колунан кармап, колдоп жаттым. Тилекке каршы, мен ага кыйкырганга мажбур болуп калдым. Себеби эң жоопкерчиликтүү толготуш керек болгон учурда ал өзүн-өзү жогото баштаган.

«Өзүңдү колуңа алсаң!» — деп кыйкырып жибердим мен. Ал мени угуп, кайрадан толгото баштап, кыз төрөп берди. Анын экинчи төрөтү 15 мүнөткө созулуп, ал учурда мен ал менен сүйлөшүп турууну эч токтоткон жокмун. Эгерде мен болбогондо ага корс мамиле кылыша тургандыгын түшүнчүмүн — бул деген эми кадимкидей эле Токмоктун райондук ооруканасы да.

Мен төрөт — бул кадимкидей эле процесс экенин түшүнчүмүн, бирок ар кандай оорлошуулар болуп кетиши мүмкүн экенин да билчүмүн. Ошондуктан аны менен адистер алектениши керек экенин каалагам. Өзүм деле башында аны, андан соң бала кандай чыгып жатканын карап коюп жаткам. Бактыга жараша, бардыгы жакшы өттү. Мен төрөткө катышууда коркунучтуу эч нерсе деле жок деп ойлойм. Мен ошол учурда колуктум менен бирге болгонума кубанычтамын.

Кызым төрөлгөндөн кийин аны аялымдын көкүрөгүнө коюшту — бул энеден кан кетүүнү токтотууга жардам берет деп эсептелет. Карасам, ал колун соруп жатат, анан аялыман эмчек берүүсүн сурандым. Кызым көкүрөгүнө жабышып, эмчек эме баштады. Ошол учурда ымыркайды көрүп башкача болуп кетесиң.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Негизинен ымыркайды көргөндөгү сезимдер абдан кызыктуу. Бала жаңы төрөлдү, карасаң кичинекей. Муну окуп билүү башка, ал эми бул өзүңдүн балаң экенин көрүп түшүнүү — таптакыр башкача.

Менимче, аялдар эркектерге коркунучтуу болот, үй-бүлөлүк жашоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн жана сексуалдык жактан бир нерсе бузулуп кетет деген ойдо билбей туруп эле мамиле кылышат. Бирок бул нормалдуу эле көрүнүш, анткени төрөттөн кийин алгачкы учурларда жакындык деле болбой калышы мүмкүн. Бирок бизде баары жакшы, мына үчүнчүсү чоңоюп жатат — ал төрөлүп жаткан учурда дагы бирге болгом.

Кенже балам төрөт залында 10 мүнөттүн ичинде башкаларынан дагы тез төрөлдү. Албетте, мен алар үчүн кабатырланып жаттым, бирок эс учумду жогото турган абал болгон жок. Жөн гана балдар энелерге канчалык оордук менен берилээрин түшүнүп тургам.


Аял төрөп жаткан учурда, айрым достор ичимдик ичип мас болушуп, андан соң терезенин алдында баатырланып, үчүнчү кабатка чыгууга даяр болуп калышат. Ал эми сен баатырдыгыңды палатада көрсөтүп көр.


Бизде төрөт маалында бирге болуу — канчалык маанилүү экенин түшүндүрө турган кандайдыр бир иш башталышы керек деп ойлойм. Албетте, мажбурлоого болбойт, жөн гана эркектерге аялдар үчүн бул абдан маанилүү экенин түшүндүрүш керек. Бул жакындатат.

Эркектердин түшүнүгүндө, баланын төрөлүшүнүн өзү — бул аялдар үчүн жеке интимдик нерсе жана аялдар муну менен өздөрү алектениши керек. Бирок бул туура эмес. Эркек киши мындай учурларда аял корголбогонун түшүнүп, анын баласын төрөп жаткан учурда аялы эмнени баштан өткөрүп атканын көрүшү керек. Ата катары жанында болуп, муну менен бардыгы жакшы болуп жолуна түшүп кете турганын аялга көрсөтүшү зарыл.

А бизде кандай? Аял төрөп жаткан кезде, айрым достор ичимдик ичип, мас болуп, андан соң терезенин алдында баатырланып, үчүнчү кабатка чыгууга даяр болуп калышат. Ал эми сен баатырдыгыңды палатада көрсөтүп көр. Бирок баары бир бул эки жактын макулдугу менен болушу керек — бул коркунучтуу деп айтууга деле болбойт, болгону эки ата-эне тең буга бирдей даяр болуулары керек.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Анна:

Мен аны экинчи жана үчүнчү төрөттөрдө бирге болууга аргасыз кылгам, анткени мага жалгыз төрөгөн жакпай калды. Толгоого чыдап, андан соң төрөт маалында акушерлердин сөздөрүн угуу өтө оор, эгерде жаныңда жакын адамың болбосо. Баарынан да эң жакшысы — жолдошуңдун жаныңда болушу. Биз үйлөнгөн учурда эгерде бул талап кылынса бири-бирибизди колдоп жүрүүнү макулдашып алганбыз, кайсы жерде болбосун — жада калса төрөт болсо дагы.


Биринчи төрөттө врачтар сөгүнүшүп, бул абдан жагымсыз болгон, ал эми жолдошум жанымда болгондо чектен чыкпастан өздөрүн карманып калышты.


Төрөт үйүндө абал өтө дел жакшы эмес, айланаңда бардыгы чоочун. Врачтар корс мамиле кылып, кыйкырып да салышы мүмкүн: «Сүйлөбө!», «Эмне кыкырасың?!», «Келесоо, кош бойлуу болуп, өзүң келип алып, эми биздин башты чагасың» же «Бул нерсени кылып жатканда ооруган жок беле?». Биринчи төрөттө врачтар сөгүнүшүп, бул абдан жагымсыз болгон, ал эми жолдошум жанымда болгондо чектен чыкпастан өздөрүн карманып калышты. Ишенип койгула, мен салыштырып көрдүм.

Ооруганы, албетте, катуу болот. Бирок төрөгөндөн кийинки учурду сөз менен айтып жеткирүүгө болбойт — ушундай бакыт! Тогуз ай көтөрүп, андан кийин ымыркай сенин көкүрөгүңдө — мына ушул ырахат тартуулаган сезим. Мына ошол алгачкы көз ирмемдерде жашоонун бүткүл маңызы сенин көкүрөгүңдө жаткандай сезилет.

Аталар мындай нерсени көрбөшү керек деп айткан курбуларым бар болчу. Бирок жолдошумдун акушерликке окуганын билчүмүн, практикада бул нерсени көргөн, ошондуктан кабатырланган жокмун. Бирок эгерде ал акушер болбосо, мен аны жаныма төрөткө чакырбай деле коюшум мүмкүн болчу.

Равиль жана Лианора Бицаровалар: «Жамандыкта дагы, жакшылыкта дагы»

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Равиль:

Мен башында эле баланы чогуу жасаган болсок, төрөттө дагы бирге болобуз деп ишенгем. Мен үч жолкусунда тең аялым менен бирге болдум.

Биринчи кызыбыз 12 жыл мурда төрөлгөн, биз анда студент болчубуз. Албетте, мунун бардыгы кандай өтөт деп кабатырланганбыз, ошондуктан менин опера вокалы боюнча мугалимимдин акушер курбусуна кайрылганбыз.

Биринчи төрөт Лианоранын туулган күнүнө туш келип калды. Мен эртең менен гүл сатып алуу үчүн чуркап жүргөндө анын каканак суусу ага баштаган.

Ооруканага келгенде анын жатыны жетишээрлик ачыла элек экени белгилүү болгон. Күтүш керек болду. Акушерлер мени «Азыр эрте, үйүңө бар, эс ал» деп айтышып, улам-улам үйгө жөнөтө беришкен. А мен болгону жуунуп-тазаланууга гана барып, баары бир кайра келип, аялым менен акыр-аягына чейин бирге болууну айтып, көшөрүп туруп алдым.

Лианора толготууга чыдап жатса, мен ырдап жаттым. Акушер — менин вокал боюнча мугалилимимдин курбусу — шайыр аял болчу. Биз төрөт алдындагы залда көпкө болдук: эртең менен кандай келсек ошол бойдон кечке чейин күттүк. Ал эми төрөт залында — болжолдуу жарым саат. Мага баары бир болчу. Мага эмне болмок эле? Эч нерсе болбойт.

Бирок аялым үчүн коркунучту мен төрөт бөлмөлөрүнүн жанында сезип жаттым — ал жакта кыйкырыктар менен коштолгон кандайдыр бир коркунучтуу атмосфера бар болчу. Төрөгөнгө келген он аялдын ичинен экөө эле жолдошу менен болчу: бул мен жана дагы бир бала. Мен го жаратылышыман эле оор басырыктуумун, ошондуктан жакшы карманып турдум. Ал эми бул бала байма-бай тамеки чегип, кийин мага белгилүү болгондой, эс-учун жоготуп кулаптыр.

Мен төрөткө бара жатканда тасмаларда көрсөтүлгөндөй киндик кесем деп пландаган элем. Бирок мага андай мүмкүнчүлүк беришкен жок: бала чыгып келе жатканда ага дем жетпегендиктен, аны дароо эле барокамерага жаткыруу үчүн жандандыруу бөлүмүнө көтөрүп кетишти.


Төрөттөн кийин кызым менин үстүмдө 20 мүнөттөй жатты. Ал абдан кичинекей, бырышкан, түрү суук, бирок ушунчалык сүйүктүү болчу...


Экинчи төрөттө мен оорлошуулар башталганга чейин жанында болуп, мени кууп чыгышпады. Мен каршы болуп турдум, бирок барынан да баламдын өмүрү менен аялымдын ден соолугу маанилүү болчу, ошондуктан макул болуп, палатадан чыгууга туура келди. Андан кийин баламдын акырегин сындырып алышып, бизге эч нерсе айтпай коюшканы белгилүү болду. Ал аз келгенсип бизди экинчи эле күнү дароо чыгарууну каалашкан.

Ошондуктан үчүнчү төрөттө биз жеке клиникага кайрылдык — мына ошол жактан мен жаңы төрөлгөн балам менен алышып жүрдүм. Бул жолкусун операция жолу (Кесарево) менен төрөлгөндүктөн бөбөк менин үстүмдө 20 мүнөттөй жатты. Ал абдан кичинекей, бырышкан, түрү суук, бирок ушунчалык сүйүктүү болчу… Менде жада калса кызым үстүмдө, мени угуп, тынчтанып жатканы тартылган видео бар.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Мен өнөктөш төрөт бизге абдан оң таасирин тийгизди деп ойлойм. Мен ар бир эркекке бул нерсени башынан өткөрүүнү кеңеш кылат элем.

Бул аялдарга дагы, эркектер үчүн дагы маанилүү. Мындайча айтканда эркектер аял төрөт учурунда эмнелерди башынан өткөрүп жатканын эмоционалдык жактан туюп, сезип жана көрө алышат. Бул канчалык оор — жеткире албайсың. Бирок жок дегенде бул кандай экенин билүү керек.

Ал эми негизинен эркектер кандай кылышат? Эртең менен төрөт үйүнө алып келип, андан кийин кечинде келишет: «Эмне төрөдүңбү? Төрөдүм. Азамат». Андан ары кетти, барып майрамдашат.


Мен аны сүйөөрүмө ишенгем, аны менен төрөткө катышуу мага аны мындан да катуу сүйүүгө түрткү берди.


Биз — динге ишенген адамдарбыз. Эгерде Кудай бизди бир бүтүн кылып жараткан болсо, анда биз «жамандыкта дагы, жакшылыкта дагы» бирге деген принцип боюнча жашашыбыз керек.

Мен аны сүйөөрүмө так ишенгем жана аны менен төрөттө бирге болуу мага аны мындан да катуу сүйүүгө түрткү берди. Төрөт маалында аялдар — айтпасак деле алсыз болушат — андан дагы алсырап калышат, ал эми айланада бир гана оорукана халаттарын кийген эжелер. Сөзсүз түрдө жаныңда жолдошуң керек: апаң эмес, эжең эмес, төрөткөн кемпир эмес — дал ошол жодошуң керек.

Биринчи төрөттөн кийин мен дароо эле экинчи, үчүнчү жада калса төртүнчүсүнө — Кудай канчалык берсе — ошончосуна да барам деп ишенгем. Өз досторума төрөт жөнүндө айтып берип аларга таасир калтырдымбы же жокпу билбейм, бирок «Мунун сага эмне кереги бар?» деп айткандары дагы болду. Башкалары болсо жөн гана угушуп, сыйлагандыктан үндөшкөн жок. Мен ал жакта болгонума кубанычтамын жана башкаларга да кеңеш берем.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Лианора:

Биз бул жөнүндө сүйлөшкөн дагы эмеспиз — биз дайыма бардыгын чогуу баштан өткөрчүбүз жана төрөттө Равиль мени менен бирге болооруна даана ишенчүмүн.

Азыр 12 жыл мурда, мен толготуп жаткан учурда, Равил биздин акушер-врачыбыз менен ырдап жатканын эстеп, күлүп калабыз. Мен өзүм жакшыраак бутума тура албай калган кезде Равиль менин артыман дары тамчылаткычын көтөрүп алып, бирок алар ырдашканын улантышканы эсимде. Кайсы бир кезде алар мени тажатып жиберишип, мен аларга «Оозуңарды жапкыла, дагы канча чыдашым керек?» деп кыйкырып жибергем. Ал эми акушерлер «Сенин туулган күнүң да, бүгүн төрө өзүңдүн белегиңди» деген сыяктуу сөздөрдү айтышкан. А мен өзүм деле төрөгөндү каалап жаткам.


Төрөт учурунда абдан колдоо керек, чынын айтканда мен өз апаман же сиңдимен жолдошума караганда көбүрөөк уялмакмын.


Ошол күнү абдан ысык болчу. Терезелер ачык болгону менен экинчи кабатта демди кыскан чыдагыс ысык жел уруп жаткан. Чыдабай калып, жалыныш үчүн чөгөлөп отуруп алып «Кудай, сен бар болсоң мага жок дегенде жаан берчи, дем алганга мүмкүн болбой калды» деп суранганым эсимде. Мунун баарын врач угуп, мага басып келип «Ай, алтыным, тур! Жаан жаабай турганын көрүп турасың го» деп айтты эле. Мен аны укпай, жалынганды улантып, андан соң өйдө турдум, анткени басыш керек болчу.

Бир сааттан же мүмкүн эки сааттан кийин — анда мен убакытты деле карабай калгам — катуу шамал болуп, жамгыр катуу нөшөрлөп жаай баштады. Андан кийин күн чыгып, асманда көк желе пайда болуп, жаан жааганын уланта берди. Врач кайрадан мага басып келип «Мына көрдүңбү, Кудай сени кандай жакшы көрөт, чыдаш керек» деп айтты. Бул мага Кудай мен жөнүндө унутпаптыр деген белги сымал күч-кубат бергендей болду жана бул мен үчүн абдан маанилүү эле.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Төрөт оор болду — кызымды менден сыгып чыгарып жатышты. Ага дем жетпей жаткан экен, ошондуктан аны чыгаары менен жандандыруу бөлүмүнө алып кетишип, Равиль алардын аркасынан чуркап кетти. Мен төрөтканада жалгыз калып, кайрадан «Сен мага туулган күнүмдө бала бердиң, сен аны кайра албайсың» деп жалынып жаттым. Балам эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатты, бирок бардыгы жакшы, кан шишиктери таркады.

Ошондо мен төрөт учурунда колдоо абдан керек экенин түшүндүм. Чынын айтканда өз апаман же сиңдимен жолдошума караганда көбүрөөк уялмакмын. Ошондуктан күйөө — чындыгында күчтүү колдоочу. Себеп дегенде, сен төрөп жатканда айланаңда адамдар көп жана алар сага тааныш эмес болот, ал эми бир нерсе башкача болуп кетсе кандай болот?


Алар «Бир нерсе кырс эте түштү» деп шыбырашып жаткандары эсимде. Бирок алар бизге эч нерсе айтышкан жок. Биз бул жөнүндө болжолдуу бир аптадан кийин үйдө билип калдык.


Мен өнөктөш төрөттөн баш тартып жаткан аялдарды түшүнбөйм. Бир жерде көтөрүп, бир жерде далыңды массаж кылып, бир жерде жөн гана колуңду кармап турса — мунун бардыгы маанилүү.

Экинчи төрөт маалындагы керектүү учурда алар Равилди чыгарып салышып, ал эми мен ушундай бир абалда калып, эч нерсе айта албадым. Баламдын бир сөөгүн да сындырып салышты. Алар «Бир нерсе кырс эте түштү» деп шыбырашып жаткандары эсимде. Бирок алар бизге эч нерсе айтышкан эмес. Биз бул жөнүндө болжолдуу бир аптадан кийин үйдөн билип калдык — анда көгүш шишиги пайда болуп калган болчу.

Ал эми үчүнчүсүндө — операция жолу (кесарево) менен болуп, мен бардыгын сезиш үчүн баары бир эле белге сайылчу анестезиясын сурагам. Кызымды менден сууруп чыгышып, мага өпкөнгө беришип, тезинен атасынын төшүнө жаткырышты — эми адилетсиз болуп калды бул жагы. Атакеси кызыбыз ата-энелеринин биринин микрофлорасын өткөрүп алышы үчүн кенже кызы менен 20-30 мүнөт жатты.

Операциянын өзүнө атасын киргизишкен жок. Бирок врач аны видеого жаздырып алып, андан соң ага өткөрүп берди. Мен көрүп алып, ыйладым — өзүмдү абдан аяп кеттим.

Аялдар өздөрүнүн жанына күйөөлөрүн алуудан коркпошу керек. Ал жакта эмне болоору маанилүү эмес, эң башкысы өз адамың жаныңда болуусу керек.

Екатерина Иванова жана Михаил Левантовский: «Бул адам менен бардык нерсеге барса болот»

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Михаил:

Бул Катянын (Екатеринанын) идеясы болчу. Эсимде, ал төрөттө мындай кылса болоорун сунуштаган, мен болсо «Эгер ал каалап жатса, эмнеге макул болбош керек?» деп ойлогом. Ал учурда бизде коркуу сезими болгон эмес, бирок, толкунданганбыз. Болгону 20 жашта болчубуз.

«Болочок ата-энелердин мектеби» деп аталган ийримге бара баштадык. Ага көбүнчө ата-энелер эмес, энелер гана барат болчу. Алардын арасында мен жалгыз ата болсом да, ал жер мага жакчу. Жумуштан чарчап, жүдөп келсем, анда релаксация үчүн көнүгүүлөр болор эле. Сонун көнүгүү. Мындайча айтканда, шарлардын үстүндө оодарылып, музыканын коштоосунда жеңил ойгонуп… Дагы бир негизги нерсе, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын эстеп калуу керек болот.


Мен Шварценеггер деле эмесмин, а бирок ал учурда таптакыр эле үрбүйгөн, арык жана кичинекей болчумун. Врач Катядан «Сен эмне иниң менен төрөгөнү келдиңби?» деп сурап калды.


Анан толгоо башталган кезде, бизди төрөткө чейинки даярдык палатасына киргизишти. Ал жерде экөөбүз чогуу болдук. Түнгө карай Катя ары-бери басып, тынчсыздана баштады: «Мени менен сүйлөш» дейт, мен макул деп сүйлөй баштайм, ал кайра «Сүйлөбөчү, бир аз тынч тура аласыңбы» дейт.

Ал жакка тур, бул жерге тур, мени кара, мени караба — мына ошондо анын толкунун кармап, ага жагынуу психологиялык жактан абдан татаал болду. Жагдайга жараша кыймыл аракет кылдым.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Маал-маалы менен врач кирип жатындын ачылуу диаметрин текшерип жатты. Анан ал көз жара турган мезгил келип жетти. Биз палатага кирип, ал жакта кызыктуу учур болду. Мен Шварценеггер деле эмесмин, а бирок ал учурда таптакыр эле үрбүйгөн, арык жана кийчинекей болчумун. Врач Катядан «Сен эмне иниң менен төрөгөнү келдиңби?» деп сурап калды.

Төрөт учурунда анчалык коркунучтуу болгон жок: мен анын колунан кармап, ымыркайдын кантип чыгып жатканын карап турдум. Албетте, бир нерсе болуп кетпесин деп кыжаалат да болдум. Бирок, өзүмдү бекем кармадым, чалкадан кете турган абал деле болгон жок. Катяга дем берип туруу керектигин түшүндүм. Бөбөк төрөлгөндө Катя жана өзүм үчүн ушунчалык бактылуу болуп, оозума сөз келбей калды.


Биздин мамилебиз эч өзгөргөн жок, бардыгы сонун. Жада калса ишеним дагы да көбөйгөн деп айтса болот — бул адам менен бардыгына барса болот деп сезилчү.


Мен ата болдум деген түшүнүк кеч келди. Мен ошентип баламдын туулган күнүн белгилебей да калдым — мындайча айтканда бул нерсени урматы үчүн ичимдик ичкен жокмун. Катя жана балам менен болдум, анткени аларды калтырып кете албадым. Менин башымда дароо мен керектүү боло турган жердемин деген ой калыптанып калган.

Айрым адамдар күйөөсү жубайынын төрөтүнө катышса, анда аялына башкача көз карашта болуп калат деп айтышат. Кимдир бирөө көбүрөөк сүйө баштайт, кээ бирлеринде тескерисинче сексуалдык жактан көйгөйлөр пайда боло баштайт. Менин оюмча, бул болбогон нерсе. Биздин мамилебизде кыпындай өзгөрүү болгон жок, баары жайында. Бул адам менен бардык нерсеге коркпой барса болот деген ишеним көбөйдү десем болот. Мен башка эркектерге аялы менен биргеликте төрөткө барсын деп айта албайм. Мындай кадамды ар ким өзү билип жасашы керек.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Екатерина:

Эми, чынында бул башкачараак болгон, ал алдап жатат. Биз жолугушуп, биздин балдарыбыз болоорун талкуулап калган учурларда ал мени менен төрөй турганын айткан. Мен ага ал жерде анын болуусунун кажети жок деп баш тартчумун. Биз көпкө чейин жолугушуп жүрүп, андан соң үйлөнүп, дароо эле балалуу болууну чечтик.

Кийин биз «Кызыл жарым айдагы» ийримдерге бара баштадык. Баары жакшы бараткан, бирок, бир учурда эле Миша мени менен төрөткө барбай турганын айтты. Мен болсо «Жок, сен мени менен төрөгөнү барасың. Бул сенин колуңдан келет» дейм. Ал баш тартат, мен өзүмдүкүн бербейм. Соңунда баары бир чогуу төрөйбүз деп чечтик.


Ал таптакыр кыйкырбай, көк болчу. Бардыгыбыз кабатыр боло баштадык. Ал эми мен анын көзүнө карап, анда бардыгы жакшы экенин түшүндүм — ал жөн гана олуттуу жигит.


Төрөт алдындагы бөлмөдө мен өзүмдү чынында көзөмөлдөй албадым: бирде сөгүнүп, бирде анын мойнуна асылып. Мага жатканга болбойт эле, мен басышым керек болчу, ошондуктан палатага бат-баттан врач кирип турду. Ал мени палатанын алдында кайтарып тургандай сезилди. Эгерде мен буттарым менен сүрүп баспай калсам эле чуркап кирип, аскердей эле бутума тургуза салчудай туюлду. «Бас, басыш керек» деп айткан ал.

Ооруганы, албетте, өтө жаман — толгоотуу жана башкалар. Мен төрөт залында эле 20 мүнөт кыйналдым. Даняны көкүрөгүмө коюшканда, ал ыйлап да койбой, көпкөк болуп жата берди. Баары кыжаалат боло башташты. Мен анын көздөрүнө тигилдим да, баары жайында жана ал болгону ошондой олуттуу жигит экенин түшүндүм.

Ымыркайдын көкүрөгүңдө жатканы — бул сүрөттөп бере албай турган бакыт. Ушундай бир кичинекей, анан да эч бир коргоосуз.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

…Бирок, бул төрөт туурасындагы маалыматтардын акыркысы эмес! Мен ага даярданганда, тасмаларды көрдүм, окудум. Ал жакта баары, энеден бала чыгып жатканына чейин сүрөттөлгөн.

Жалпысынан мунун баары бүткөндө телефонго тигилип, бардыгына смс жөнөтө баштадым. Кудай, мен ошол кезде интернет жок болгонуна абдан кубанычтамын…

Ал эми мамиле туурасында — биз дайыма ынтымактуу болучубуз, төрөттөн кийин андан да ынтымактуу болуп калдык. Тагыраак айтканда, биз бул себептүү ажырашкан жокпуз — жөн гана ошол бойдон калды. Бирок биз эң жакшы дос болуп калдык. Майрамдарды бирге тосуп, бири-биризге конокко барабыз. Ушуга чейин бири-бирибизди абдан сыйлап, жакшы көрөбүз, бирок эми дос катарында.

Гуля Алмамбетова жана Марат Усупов. «Жаңы Аалам»

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Марат:

Эң кыйыны — бул аялың менен төрөткө чейин бирге болуу. Төрөт бөлмөсүндө төрөдү — бүттү. Толгоо күчөгөндө аны менен чогуу туруштук берүү — башка нерсе. Ал эми төрөттүн алдындагы кежирликтерге мен кадимкидей эле көз караштамын, себеби көнө түшкөм. Өзүм токтоо адаммын. Өз каныңдан жаралган адам төрөлүп жатса, дагы да маани берип, кежирлик байкалбай калат.

Төрөткө чейин биз бул тема жөнүндө сүйлөшкөн дагы эмеспиз. Бизге ымыркайыбыздын дени сак болгону маанилүү болчу. Мен ал жакта төрөт учурумда жөн гана керек экенимди түшүндүм.


Мен баламдын кыйкырыгын укканда, ыйлап жибердим. Аялым ыйлаган жок, мен ыйладым.


Төрөт башталганда мен аны ооруканага алып келип, төрөт алдындагы бөлмөгө жеткирдим жана ал жакта төрт сааттай кыйналып жатты. Башында мен ага төрөтканага барбайм деп айттым — мен ошондо абдан чарчаган элем. Андан кийин врач чуркап келип «Сен бизге керексиң!» деди. Ошондуктан мен төрөтканага кирип, анын жанына басып келип «Ррррра, толгот!» деп ырылдап жибердим.

Ооба, мен ага бир тийип, колумду башынын алдына коюп, экинчи колум менен бутун кармап, «Болду, өзүңө кел!» деп кыйкырып жаттым. Ал өзүнө келди да, мени гана уга баштады. Баланын төрөлүшү менен биз өзүбүздүн ишеним чөйрөбүздү кеңейте алдык.

Мен эс-учумду жоготуп жыгыла турчу абалда эмес болчумун — мен дайыма максат коюп, башка бардык нерсени четке сүрүп коюп, ошол багытты карманып турам.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Баламдын ыйлаганын укканда көзүмө жаш келди. Жубайым ыйлаган жок, мен ыйладым. Бала төрөлөөрү менен сыртка чыктым, бөлүм башчы куттуктап жатты. Бирок, мен ал жакка башка барбайм деп гана айта алдым. Өзүмчө «Аялдарды ушундай оору менен жазалагыдай алар Кудайга кандай күнөө кылды эле?» деп ойлонуп коём.

Андан соң палатада бир медайым «Ал мени тепти» деп арызданып калды. Ооба, ошондой болгон эле, ошондуктан мен ага 300 доллар бердим да, мага башка тийишпесин сурандым.

Азырга чейин аялдарынын төрөтүнө катышуудан баш тарткан эркектерге таң калам. Мисалы, алар кайдадыр барган маалда толгоо башталып калды дейли. Күйөөсү эмне төрөтүн кабыл албайбы? Аялын ошентип таштап коёбу?


Башкаларга өнөктөш төрөткө катышууну, албетте, сунуштайм. Бирок биз экөөбүз тең акылдан тайып калганбыз, бул нерсени баарынан дагы эске алуу керек.


Гуля:

Биздин үй-бүлөдө сен аны, мен муну кылам деп милдеттерди бөлбөйбүз. Мисалы, ал чай коюп, ваннага барса, мен чай кайнап калганда жөн гана барып өчүрүп коём. Ал жакта деле ошондой болчу.

Тогуз жыл өткөн соң ошол кезде менде кайсы бир шарттуулук, жол-жоболорду жана макулдашууларды унуткара турган табигый жаратылыш абалы болгон деп тайманбай айта алам. Эгерде биз буга чейин «Чогуу барабызбы, чогуу барабыз» деп жөн эле күлүп жүргөн болсок, төрөт учурунда күлгөнгө убакыт болбоду — бирге болуу керек болчу.


Дем алуу учурунда мен Саламаттык сактоо министрин чакырууну талап кылып жаттым — мындай болбошу керектигин жана оорулуу адамдын укуктарын сыйлоо зарыл экенин айтып алууну кааладым.


Төрөт бөлмөсүндө тозок эле. Жалаң оорулар. Бул учурда мен таптакыр эле биринчи кезекте балага кам көрүү керек экенин унутуп калымпын.

Бул жерде чынында жолдошуң керек, анткени кокустан күтүлбөстүктөр болуп кеткен учурда чара көрө алат, чалчу жерге чалып, врач менен сүйлөшүп, мени сооротуп дегендей.

Абдан ооруп жатты. Дем алуу учурунда мен Саламаттык сактоо министрин чакырууну талап кылып жаттым — мындай болбошу керектигин, оорулуу адамдын укуктарын сыйлоо, оорутпоо жана операция (кесарево) кылуу зарыл экенин айтып алууну кааладым.


Төрөт бөлмөсүндө тозок эле. Жалаң оорулар. Бул учурда мен таптакыр эле биринчи кезекте балага кам көрүү керек экенин унутуп калымпын.


Эң негизги тапшырма — өзүңдү андан ары кандай алып жүрүү. Тагыраак айткана мен төрөт бөлмөсүндө төрөткө чейин жана андан кийин өзүндү кандай алып жүрүү керек экенин интернеттен көрүп алгам. Мени бул столго жаткырганга аргасыз кылышканы нааразы кылды. Мүмкүн мен отуруп алып, туруп же жатып алып төрөгүм келеттир? Бул мени алар менен мушташа баштаганыма алып келип, чынында эле кимдир бирөөнү тээп салгам.

Андан соң мен Маратты угуп калып, бир гана аны угуп, бир гана ага ишенгем. Буга чейин ал төрөт алдындагы бөлмөдө колуман жетелеп, терезенин жанына алып барып, курсагым тойгузганга аракет кылып жатты. Ал бардык процессти жетектеди. Бул бирге болуу чечимин кабыл алышкан эки адам үчүн абдан чоң сыноо деп ойлойм. Тагыраак айтканда атакебизге толук даражадагы ишеним бар болчу.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн фотосүрөтү

Мен өзүм бир нерсе уюштура калып, өзүм дүрбөлөңгө түшкөнгө аракет кылганыма карабастан бизде бирдиктүү организм сыктуу ички түзөтүүлөр бар болчу. Оң колуңду укпай жаткан организмди элестетүү кыйын — мен аны укчумун. Ал бир эле кезде мени ордума болуп, досум, машыктыруучум жана байкем болуп турду.

Жалпысынан биздин төрөт 12 саатка созулду, ал эми төрөттүн өзү — 30 мүнөттөй болду. Бул албетте тозоктун тозогу болчу. Бирок көкүрөгүмө кыйкырып, абдан ачка болгон баламды жаткырышканда — бул сөз жеткис. Ал дароо эле эмчек сурап, жабыша баштады. Бирок ал убакта сүт келе элек болчу, ал кийинчерээк пайда болду.

А мен аны карап, эмнегедир бир окуяны эстеп кеттим. Баласы төрөлүп, апасына алып келишкенде ал көзү ордундабы, колунун бардык манжалары барбы, кулактары кандай деп карай баштайт. Мен дагы ошенттим.


Бул бирге болуу чечимин кабыл алышкан эки адам үчүн абдан чоң сыноо деп ойлойм.


Оору көпкө чейин коё бербеди. Бирок ымыркай менин үстүмдө жаткан учурда эндорфиндердин өлчөмү ушунчалык өсүп турду дейсиңер, мендеги ажырымдарды тигип жатышканын да сезбей калыпмын. Мунун бардыгын мен экинчи күнүндө гана сезе баштадым.

Мен дайыма бизде атакебиз төрөгөн деп тамашалап калам. Анткени бул чындык. Ал бардыгын өзүнө алып, бөлүштүрдү. Бөлүштүрүп алып, бийлик жүргүз деген түшүнүк бар, ал болсо бөлүштүрдү да сүйүп калды. Менимче биздин ортобузда дагы бир ааламды төрөгөн кандайдыр бир кичинекей космос бардай сезилет.

Ошентсе деле биз өнөктөш төрөткө катышкыла деп кеңеш бербейт элек. Биз муну бирөөгө сунуштап атканда биз аларга «Ооба, макул, ак карга болгула. Анткени коомчулук буга көнө элек» деп айтабыз.