Британ басылмасы Кыргызстанды 2018-жылы туризм үчүн «өнүгүп жаткан багыт» деп атады

Британиянын Wanderlust журналы 2018-жылы саякатка барууга мыкты өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады — бул рейтингде Кыргызстан «Өнүгүп жаткан багыттар» деген аталмада биринчи орунду ээлеген.

Wanderlust 1-фералда 2018-жылы саякатка барууга мыкты өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады — анда Кыргызстан «Өнүгүп жаткан багыттар» аталмасында биринчи орунду ээлеген. Тизмекте экинчи орунду Иранга, үчүнчүнү — Грузияга ыйгарышты.

«Бул жерде Улуу Жибек жолу сезилет. Жибек, баалу таштар жана зирелер токулган кербендер менен сатуучулардын дабышы — бул нерселерди дагы деле сезүүгө болот. Кыргызстан тездик менен сиздердин бул легендарлуу жолго карай дарбазаңыздар болуп бара жаткандай сезилет», — деп жазган Wanderlust.

Рейтингдин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи 1-фералда Лондондо өттү. Салтанат ири туристтик ярмарка өтүп жаткан «Олимпия» көрсөтмө комплексинде өттү.

Аземге Кыргызстандын атынан элчи Гүлнара Искакова катышканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Искакова Wanderlust менен анын окурмандарын өлкөнүн туристтик потенциалына жогору баа бергени үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын катышуучуларын үстүбуздөгү жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуп кетүүгө чакырды.


ТЕМА БОЮНЧА: