Жалал-Абадда күчү 3 баллдык жер силкинүү катталды

Жалал-Абаддын Жаз-Кечүү айылында 3-февраль күнү 3 баллдык жер титирөө катталды. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 3-февраль күнү Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Силкинүү болжол менен эрте мененки саат 10 дор чамасында болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  

Жер титирөө Базар-Коргондун Жаз-Кечүү айылында 3 балл, Кызыл-Үңкүр айылында 2,5 балл сезилген.

Сузактын Ак-Булак жана Көк-Алма айылдарында 2,5 балл байкалган.

ӨКМден кошумчалашкандай, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркангандар жок.


ТЕМА БОЮНЧА: