Ошто үч жашар баласын эстен тангыча сабаган келин кармалды

Ош шаарынын милициясы үч жашар баласын токмоктоду деген шек менен 24 жаштагы келинди кармады. Сабалган бала комага түшүп, реанимацияга жаткырылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, келинди 4-февралда кармашкан.

«Үч жашар баланын оор абалда Ош облустук балдар ооруканасына түшкөнү боюнча бизге дарыгерлер маалымдады. Баланын апасы баласын ур-токмокко алганын жашырып, "тепкичтен жыгылып кетти" деп врачтарга айткан. Алар ишенбей, бизге кабарлашкан», — деди Сыдыков.

Милиция келинди кармаган. Ал үч жашар баласын «бейбаштык» кылып жатканы үчүн кепкир менен сабап салганын мойнуна алган.

Сыдыковдун айтымында, врачтар сабалган баланын денесинен токмоктоодон улам калган көгалаларды, ички органдарына залал келгенин жана мээсине кан куюлуп кеткенин аныкташкан.

Баланын апасына карата «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.


ТЕМА БОЮНЧА: