Жээнбеков Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча «чечимин сыйлайт»

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, өзүнүн администрациясынын жетекчиси Фарид Ниязовдун отставкага кетүү тууралуу «чечимин сыйлайт». Ниязов өзү маалымдагандай, ал КСДПдагы ишмердиги үчүн өз кызматынан кетүүдө.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда президенттен өзүнүн администрациясынын башчысы Фарид Ниязовдун отставкага кетиши боюнча сурашты.

«Мен Фарид Ниязовдун чечимин сыйлайм, ал мамлекетчил жана жакшы менеджер», — деп жооп берди Жээнбеков.

Ошол эле маалда Жээнбеков өзүндө «бул кызматка татыктуу» адамдар көп экенин айтты.

«Ал менин шайлоо алдындагы штабымды жетектеди. Ал жакка Фарид Абилезимович президенттик аппараттын жетекчилик кызматынан келди. Биз дароо эле эгерде мен шайлоодо жеңсем ал президенттик аппарат жетекчилигине кайтарыын сүйлөшүп алганбыз. Ыйык орун бош калбайт. Мен кетем деген адамды кармай албайм», — деди Жээнбеков.

Фарид Ниязов президенттик администрациянын башчылык кызаматынан кетүүнү көздөп жатканына 6-мартта комментарий билдирген. Анын айтымында, ал «КСДПдагы партиялык ишке көңүл бургусу» келет.

Мындан тышкары, ал отставкага кетүү боюнча чечимимди өзгөртүүгө негиз жок экенин жана бул туурасында Жээнбеков кабардар экенин кошумчалаган.

Жээнбеков менен Ниязовдун ортосунда кызматтан кетүү боюнча жолугушуу эртең өтүшү керек.

Ниязов 26-февралда президент Сооронбай Жээнбековго ал аппарат жетекчилигинен кеткени жатканы боюнча кабарлаган. Бирок Жээнбеков анын отставкага кетүүсүнөн баш тартып койгон. Өлкө башчысы Ниязовго бир апталык эмгек өргүүсүн берип, биргеликте иштешүүнү улантууну сунуштаган.

Ошондон кийин айрым эксперттер учурдагы президент менен мурдагы өлкө башчысынын ортосундагы тиреш жөнүндө божомолдошкон, себеп дегенде Фарид Ниязов — Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү, ал анын кеңешчиси болгон жана анын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин администрациянын башчысы болуп эмгектенген.

Бирок Жээнбеков Атамбаев менен өзүнүн ортосунда эч кандай тиреш жок экенин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: