Жээнбеков Карабековго койгон 5 млн сом дооматынан баш тартты

Кабай Карабеков. Cүрөт: «Азаттык»

Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековдун «Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары» менен байланышы болушу ыктымалдыгы жөнүндө жазган макаласы үчүн 5 млн сом кун төлөтүүдөн баш тартты. Буга чейин сот бул макаланы Жээнбековдун ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирет деп тааныган.

«24.kg» басылмасы 17-апрелде билдиргендей, Жээнбеков Карабековго карата материалдык дооматтардан баш тарткан.

Агенттиктин маалыматына ылайык, Жээнбеков сот аткаруучуларга Карабековдон 5 млн сом төлөтпөй эле коюуну суранып кайрылган. Мындан тышкары, журналисттин үстүнөн өлкөдөн чыкпоо боюнча чектөөсү да алынды.

«Президенттин бул чечими Соороронбай Жээнбеков Кыргызстанда ЖМКнын эркиндиги менен демократиялык баалуулуктарды коргоого даяр экенин билдирип турат. Бул сыйга татыктуу кадам», — деп билдирген Карабеков «24.kg» басылмасына.

Буга чейин бир күн мурда Карабеков «24.kg» басылмасынын сайтында Жээнбековдон кечирим сурап, төгүндөө жарыялаган. Ошондой эле, президент үстүбүздөгү жылдын февралында басылма төлөп бере турган 5 млн сом кундан да баш тарткан. «24.kg» төгүндөө чыгарып, Карабековдун макаласын «чындыкка коошпойт» деп атоо менен Жээнбековдун алдында кечирим сураган. Жээнбековдун бир туугандары жөнүндөгү Карабековдун макаласы 2017-жылы 11-сентябрда «24.kg» басылмасына чыккан болчу.

Жээнбековдун «24.kg» басылмасына каршы доо арызы

Жээнбеков «24.kg» басылмасы менен экс-депутат жана журналист Кабай Карабековду президенттикке талапкер болуп турган кезинде эле сотко берген. Саясатчы Карабековдун «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары»  менен байланышы болушу ыктымал деген сөздөрүн чындыкка коошпогон, анын ар-намыс, кадыр-баркын жана ишкерлик беделине шек келтирген деп табууну талап кылган. Жээнбеков ар бир жоопкерлерден материалды төгүнгө чыгаруу менен моралдык зыян катары 5 млн сомдон талап кылган.

Бардык инстанциядагы соттор макала «Жээнбековдун ишкерлик беделине, ар-намысына жана кадыр-баркына зыян» тийгизген деп тааныган.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Жээнбековду ЖМКлар менен «негизсиз» соттошууну токтотууну талап кылган.

Уюмдун укук коргоочуларынын пикиринде, Жээнбеков жана өкмөт көз карандысыз ЖМКлар менен активисттердин «маанилүү ролун» сыйлап, алар «репрессиялар же куугунтуктоолордон» коркпой иштей тургудай кылышы керек.


ТЕМА БОЮНЧА: