Бишкектекте архитектура университетинин мугалимин «Фейсбуктагы» пикир үчүн соттошууда. Эмнелер белгилүү?

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) мугалими Темир Болотбекке каршы ишти карап жатат. Прокурорлор Темир Болотбек «Фэйсбуктагы» өз пикиринде «улут аралык кастыкка» чакырган деп эсептешүүдө. Ал эми Болотбек өзү этиканы бузганын, бирок кастыкка чакырбаганын айтууда. Мугалимди эмне үчүн соттоп атышат жана бул боюнча эмнелер белгилүү?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2018-жылы февралда КМКТАУнун мугалими Темир Болотбекке каршы «Фэйсуктагы» пикиринин айынан улут аралык кастыкты козутууга чакырыктары үчүн кылмыш ишин козгогон.

Ал эмне деп жазган жана эмне үчун ага айып тагылууда?

2018-жылы январда Темир Болотбек журналист Дина Маслованын советтик архитектурасы жөнүнжө жазган постунун алдына пикир жазган (комментарийлердин грамматикасы менен тыныш белгилери сакталды): «Вонючий отсталый и унылый совок! Архитектура? Кто называет типовую застройку архитектурой ничего не смыслят в архитектуре» («Сасык артта калган жана муңдуу совок! Архитектура? Калыптуу курулушту архитектура деп атагандар архитектурада эч нерсени билишпейт»).

Кийинки комментарийде Болотбек «Совокту жакшы көргөндөр эмне үчүн силер "рашкага", кайсы бир Сибирге, кетип калбайсыңар, ал жакта кулчулуктуу жана жакыр муңдуу заңдар көп» деп жазган.

УКМК дал ушул пикирлердин айынын «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул берененин негизинде Болотбек 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунан прокурор эксперттердин корутундусуна таянып билдиргендей, Болотбек өз сөздөрү менен «улут аралык кастыкты козутууга, улуттук кадыр-баркты басынтууга жана өзгөчөлүк прогандасына чакырган».

Экспертизада эмне деп жазылган?

Айып тагуунун эксперттери «сасык, артта калган жана муңдуу совок» деген сөздөрдүн курамы «улуттук же рассалык тиешелүүлүгүнө карата белги боюнча өзгөчөлүктү жана артыкчылыкты» пропагандалайт деп эсептешет.

Эксперттердин пикири боюнча, «совоктун жакшы көргөндөр рашкага кеткиле» деген сөздө «Улуттук, расалык же диний кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгына багытталган» чакырыктар бар.

Эксперттердин корутундусунда Болотбектин эки комментарийинде тагыраак кайсыл улуттук же расалык өзгөчөлүк жөнүндө кеп болуп жатканы айтылган эмес.

«Совок» деген эмне?

«Совок» деген сөз — бул Советтер союзунун, совет адамынын жана жалпысынан совет чындыгынын жагымсыз аталышы.

Болотбек өз сөздөрүн кандайча түшүндүрүп берди?

Темир Болотбек «кыргызстандыктардын көз карандысыздык, эгемендик жана өзүн-өзү аныктоого болгон укугун күмөнгө койгон» башка колдонуучулардын пикирине жооп берип жатып өз пикирин «эмоцианалдуу» билдирип, «этиканы бузганын» «Клоопко» айтып берди.

«Бул талаш-тартышта менин каршылаштарым кыргыз элинин дарегине абдан жагымсыз сөздөрдү айтууга барышты жана мен эмоционалдуу жооп бердим. Мен кошулам, мен этиканы буздум, бирок ал жакта эч кандай чакырык жок, улут же конфессия жөнүндө сөз жок. Андай деле эч нерсе жок, сөз бир гана ички саясий "совок" тобу жөнүндө болууда», — деди ал.

Мындан тышкары Болотбек прокурорлор өз айыптоолорун «илимий негизделбеген жыйынтыктары жок эле» айрым адамдардын бир гана субъективдүү пикирлерин билдирген «эксперт аталгандардын корутундусу» менен негиздешүүдө деп кошумчалады.

«Тагылып жаткан берене боюнча белгилери жок коомдук тармактагы бир комментарий үчүн кылмыш ишин козгоо фактысы менин жеке пикримди эркин айтууга болгон конституциялык укугум бузулуп атканын айгинелейт», — деп эсептейт Болотбек.

Юристтин пикири

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев Болотбектин пикиринде кастыкты козута турчу сөздө жок, ал эми ар бир адам конституция боюнча оюн жана пикрин эркин билдирүүгө укуктуу деп эсептейт.

«Темир Болотбектин айткандары чынында эле жагымсыз мүнөзгө ээ, бирок анын сөздөрүндө айрым бир рассага, динге же улутка тийиштүү белгилер жок. Жалпысынын кайсы улуттардын ортосунда кастык жаралып атканы түшүнүксүз. Мындан тышкары, анын сөздөрүндө кайсыл бир улутту, динди же рассаны өзгөчө, артыкчылыктуу же начар катары баяндаган сөздөр жок», — деди Эралиев.

Эми эмне болот?

Бишкектин Биринчи май райондук соту бул иш боюнча отурумду 27-апрелге жылдырды. Темир Болотбек КМТКАУда иштөөнү улантууда, бирок окуу жайдын администрациядан билдиришкендей, бул окуу болгондон кийин Болотбектен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир нече жолу сөгүш жарыяланган.