Жогорку сот Садыр Жапаровго карата өкүмдү күчүндө калтырды

Парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров.

Кыргызстандын Жогорку соту парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровго карата өкүмдү күчүндө калтырды. Ал Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган делип күнөөлүү табылды.

Жапаровдун адвокаты Номанжан Аркабаев Жогорку соттон экс-депутатка каршы айыптоолорду «саясий буйрук» деп атоо менен аны актоону суранган.

Бирок судьялар Жапаровго карата айыптоо өкүмүн күчүндө калтырууну чечишкен — ал 11,5 жылга эркинен ажыратылды.

Өкүм чыгарылгандан кийин саясатчынын агасы Дөөлөтбек Жапаров судьяларды көздөй басып бара жатканда аны милиционерлер менен аскерлер токтотуп калышты. Мунун бардыгы экс-депутаттын тарапкерлеринин нааразылык кыйкырыктары менен коштолду.

Буга чейин жарым саат мурда Жапаровдун тарапташтары саясатчыга карата айыптоо өкүмүн күчүндө калтырууну суранган прокурорго кыр көрсөтүшкөн. Араздашууну сот тартибин камсыз кылган адамдар, аскерлер жана милиционерлер кийлигишип токтотуп калышкан.

Жапаровдун иши

Биринчи май райондук сот да, Бишкек шаардык соту да Садыр Жапаровду мурда Ысык-Көл облусунун губернатору болгон Эмилбек Каптагаевди «барымтага алуу» боюнча күнөөлүү деп таап, 11,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Айыптоонун пикири боюнча, Каптагаев 2013-жылы Караколдогу митинг учурунда (Ысык-Көл облусунда) «барымтага алынган». Атайын кызматтардын маалыматына ылайык, аны уюштурган Жапаров каршылыкка чыккандарды губернаторду барымтага алууга буйрук берген.

Ал эми Жапаров өзүнө тагылган күнөөнүн мойнуна албай, бул ага каршы жасалган иш деп эсептейт. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери күбөлөрдү кыйнап көрсөтмө алышкан.  

Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев да Жапаров күнөөлүү эмес деп эсептейт. Ал өкүмдү жактоочулар менен кошо даттанган, бирок сот анын даттануусун көңүл сыртында калтырган.

Жапаров 25-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке көрсөтмө берүү үчүн Кыргызстанга келгенде кармалган. Ошондон кийин анын тарапкерлери УКМКнын имаратынын алдында каршылык акциясын уюштурушуп, ал милиция кызматкерлери менен митингчилердин ортосундагы тиреш менен аяктаган.

Анда Токсонго жакын адамга штраф тагылган, ал эми арасында Жапаровдун баласы болгон 11 тарапташын сот төрт жылдан сегиз жылга чейин шартту жана анык мөөнөткө кесүү өкүмүн чыгарган.


ТЕМА БОЮНЧА: