Исхак Масалиев. Сүрөт: «Супер-Инфо»

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев эгерде аялдар «суктандырган» кийим кийип жүрсө, аларды өөп кучактаса болот деп эсептейт. Феминисттер Аида Бектурова менен Жанна Араева эмне үчүн аялдын эркине каршы кучактап өпкүлөө да сексуалдык ыдыкка кирээрин жана Масалиев дагы эмнени туура эмес айтканын түшүндүрүшөт.

«Эмне үчүн эркектердин табигый каалоосун келтирген кийимдерди (юбка, жынсы жана башкаларды) кийишет? Бирок тигил же бул жигит карманалбай кетип, кызды өөп же кучактоого аракет кылса (албетте, зомбулук бул аракеттерге кирбейт), дароо эле сексуалдык ыдык жөнүндө кыйкырыктар чыга баштайт! Анда ЭМНЕ ҮЧҮН силер муну кыласыңар? Жаратылыш да», — деп жазган депутат Исхак 30-июнда өз фейсбук барагында.

Эки күн өткөндөн кийин Масалиев «Клооптун» кабарчысына анын посту «сексисттик же жемелөө мүнөздө» болбогонун айткан.

«Негизи, мен тамаша иретинде жыныстар арасында айрым көйгөй бар экенин көрсөткүм келген», — деди ал телефон аркылуу журналистке. Ал андан кийин фэйсбуктагы өзүнүн постун баяндап берди (ошондуктан биз анын баянын келтирбейбиз).

«Тилекке каршы, бул терс реакциянын чыгышына жем таштады. Көптөгөн балдар-кыздар пайда болуп, көпчүлүгү кыздар — анан менин фэйсбуктагы айрым досторумдун катуу реакциялары таң калтырды. Капа кылды дебейм, таң калтырды, анткени мен көйгөйлөрдүн бүтүндөй катмарын аныктадым, балким, жаштардын тарбиясындадыр. Биз бир нерсени колдон чыгарып алган окшойбуз», — деди ал өз постуна сын айткандар жөнүндө.

«Клооптун» кабарчылары саясатчы эмнени туура эмес айтканы боюнча кыргыз феминисттери Аида Бектурова жана Жанна Араева менен сүйлөшүп көрүштү.

Масалиев зомбулук менен сексуалдык ыдык эмне экенин түшүнбөйт

Депутат өзүнүн фейсбуктагы ызы-чуу жараткан постунда кучактоо менен өбүүнү сексуалдык ыдыкка, зомбулукка киргизбейт.

Масалиев туура эмес айтат. Эгерде кучактоо менен өбүшүү өз ара макулдук менен болуп атса, анда баары жакшы. Бирок адамдын жеке мейкиндигине уруксатсыз кирүү — зомбулук.

Аида Бектурованын пикири боюнча, Масалиевдин посту жада калса билимдүү адамдарда да эмне зомбулук болуп саналаары жөнүндө так түшүнүк жок экенин далилдеп турат.

«Эгерде бейтааныш адам тарабынан сыланып-сыйпаланып калуу сенин жашоодогу планыңа кирбесе жана эгерде Масалиевди бейтааныш эркектер менен аялдар өпкүлөп, кучактай беришсе, ал бул абдан жагымсыз экенин жана зомбулук болуп саналаарын түшүнмөк деп ойлойм», — дейт ал.

Масалиев жоопкерчиликти зомбулуктун курмандыктарына оодарып жатат

Анын билдирүүсү — бул айтылып эле жүргөн виктим-блейминг же курмандыкты айыптоо. Ал сексуалдык ыдык үчүн эркекти айыптабастан, күнөөнү аялга артып жатат. (Бирок Масалиев өзү андай деп эсептебейт).

«Негизи аялдар эмне үчүн боёнуп, таранышат? Эркектерге жагыш үчүн. Андан кийин чоёктой башташат. Эркек сымбаттуу аялды көргөндө, ал ага бирдеке кылууга мүмкүндүк беришет деп ойлойт», — деп айткан Масалиев марттын аягында.

Аида Бектурова эл өкүлүнүн курмандыктарды айыптоо позициясын «эбак эле маанисиз болуп калган риторика» деп атады.

«Аялдар жана кыздар эле эмес, эркектер жана балдар дагы жыныстык ыдыктын курмандыктарына айланып калып атат — кеп сен кай жерде, кандай кийинип жүргөнүңдө эмес», — деди ал.

Жабырлануучуну башкача кийинип алган же болбосо туура эмес жерде жүргөн деп айыптоо менен адамдар жөн гана зордукчу менен агрессорго дем берип атат.

Жанна Араева саясатчынын посту — бул зомбулукка чакыруу деп эсептейт.

«Улуу эле, балким, айрым чөйрөлөрдө сыйлуу эле адам аялдарга сексуалдык асылуу "бул жакшы эле, аялдар аны өздөрү каалашат" деп айтканын угуп, кезектеги жолу биздин өлкөнү башкаруу рычагын кимге берип атканыбыз жөнүндө ойлонууга түртүүдө», — деди ал.

Масалиев зомбулук кылуу эркектердин жаратышында бар деп эсептейт

Депутат сулуу аялды көргөн «жигит чыдабай кетип, аны эркине каршы өөп же кучактагысы келет» деп эсептейт.

«Эгерде сен жаш жигит болуп туруп, жаш кыз өтүп бара жатканда кандайдыр бир өз кызыгууңду көрсөтө албасаң, анда сен акыр аягы жөн гана эркек эмессиң. Мунун эмнеси бар?» — деди ал «Клоопко» курган маегинде.

Аида Бектурованын пикири боюнча, депутаттын билдирүүсү эркектердин намысына тийиши керек болчу.

«Ар бир боёнгон аялды сексуалдык объект катары көрүп, өз каалоолорун ооздуктай албаган малдар катары сыпатталып аткандыктары үчүн эркектерге уят эле болушу керек деп ойлойм», — деп эсептейт ал.

Масалиевдин күлкүлүү эмес тамашасы

Саясатчы өзүнүн фейсбуктагы жазганы жагымсыз реакция жаратканын көрүп, «тамашалап койгом» деп айтканга шашылды. Ошол эле учурда ал өз пикирин өзгөрткөн жок. Ал «Клоопко» курган маегинде дагы бир нече жолу жөн гана тамашалап айтканын кайталады.

Аида Бектурованын пикирине таянсак, Кыргызстандагы кылмыштар менен күн алыс болуп аткан сексуалдык асылуулардын шартында мындай тамашалар орунсуз.

«Кыздар жана балдарга, улуулар менен улгайган аялдарга карата күнүгө биздин өлкөдө болуп аткан сексуалдык зомбулук жөнүндө туруктуу маалыматтык бомбалоонун шартында мындай өңүттө "тамашалап" кереги жок, тескерисинче, абалды жакшыртуу үчүн аяр мамиле жасап, маселени чечүү үчүн бир нерсе кылуу керек. Өзгөчө, эгерде бул адам депутат болуп саналса», — деди ал.

Масалиев кечирим сурагысы келбейт

Масалиев өз окурмандары менен жазышууда «кечирим суроого негиз жок» экенин билдирип, андан соң «ачуусу келген аял жагымсызыраак болуп калат» деп айтып, абалды ого бетер курчутуп жиберди.

Жанна Араеванын ою боюнча, мындай билдирүүдөн кийин Масалиев мандатын тапшырышы керек:

«Биздин парламентте мындай адамдарга орун жок. […] Бурулай менен болгон үрөйдү учурган, өлкөнүн бардык аймактарында дайыма жана бардык жерде болуп аткан күйүттүн шартында адилетсиздик үчүн эмес, адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн эмес, өзүнүн бузуку, жийиркеничтүү жана тарбиясыз болуу укугу үчүн күрөшүп аткан бул адамга чексиз уят болушу керек».

ТЕМА БОЮНЧА: