Сүрөт: Сыймык Шамшиев/Kloop.kg

Зордук-зомбулук көргөндөр баш паанектеген Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун иштеп жатканына быйыл 16 жыл толду. Бул убакыт аралыгында борбордун дубалдары оор жазмышты баштан өткөргөн миңдеген кишилердин көз жашына күбө болгон. «Ак жүрөктөгү» абал жана көңүл кейиткен тагдырлар туурасында борбордун негиздөөчүсү Дарика Асылбекова «Клоопко» кеп салды.

Дарика эже менен жолугуу, маекке тартуу оңой болгон жок. Бир нече күнгө созулган аракетибизден кийин ал бизди бир жерге чакырды да, даректи эч кимге айтпоону өтүндү.

Айтылган дарекке барып, көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирээрибиз менен кароолчунун кыскача «сурагынан» өттүк. Дарика эже «унчукпай эле үчүнчү кабатка чыккыла» дегенин эстеп, арыдан-бери киргени шаштык.

Көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабаты... Кайсы каалганы кагаарыбызды билбей коридордон кезиккен аялдан сурадык эле, ал бир эшикти көрсөттү. Ал көрсөткөн эшикти тыкылдатсак, эч ким ачкан жок. Телефондон биз экенибизге ынангандан кийин гана Дарика эже эшикти ачып, шашыла бизди киргизди да, эшиктин кулпусун «шырк» жаап салды.

«Бул жерге турмуштан запкы жегендер келет да. Алардын өткөн-кеткенин териштиргиси келгендер да бар. Кризистик борбордогулар тынч жайда эс алып, акылын жыйнашы керек. Ошон үчүн дарегибизди эч кимге айтпайбыз», — деп түшүндүрдү Дарика эже.

Дарика Асылбекова — Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун негиздөөчүсү. Анда зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге колдоо көрсөтүлөт.

Дарика Асылбекова. Сүрөт: Сыймык Шамшиев/Kloop.kg

Кесиби боюнча мектеп мугалими болгон Дарика эже мындан 40 жылдай мурун күйөөсү каза болуп, төрт баласы менен жалгыз калган экен. Кайгы-муңдун тереңине түшүп кеткен энеге өзүн колго алыш үчүн алты ай убакыт керектелиптир.

«Азыр мен эртерээк ойгонгон экенмин деп ойлойм. Өзүмдү колго алып иштей баштадым, балдарымды таза кийинтип, жакшы тамактарды жасап берсем, эркелей коюшса, ансайын жаным эргип калды. Ошондо гана менин коомго назар салганы убакытым болду окшойт. Карасам, айланамда ыйлаган, кыйналган аялдар көп экен», — деп эскерди ал ошол күндөрүн.

«Борборду ачууга өзүмүн тагдырым түрткү болду. “Ак жүрөк” деп атаганымдын себеби, бирөөгө жакшылык кылсаң ак жүрөгүңдөн кылышың керек деп эсептедим. Ошондон бери жардам сурап кайрылгандардын тагдырына жүрөгүмдөн кайгырып келе жатам. Кээде кан басымым көтөрүлүп кеткенде, дарыгерлер “бул ишиңиз сизге болбойт, бирөөгө өткөрүп бериңиз” деп айтканына карабай кете албай жүрөм. Борборду чогуу иштешкен кыздардын бирине өткөрүп берсем керек деп ойлонуп жатам», — деп бөлүштү Асылбекова.

Ал «Ак жүрөк» кризистик борборун 2002-жылдын апрель айында ачкан. Бирок ал кезде борбордун кызматкерлери зомбулукка кабылган кыз-келиндерге психологиялык жардам көрсөтүп эле, аларды кайра үйлөрүнө жиберчү экен. «Кийинчерээк “көчөдө калдым, балдарым менен паркта жаттым” деп ыйлагандарды угуп, убактылуу баш калкалоочу жай ачууну чечтим», — деди ал.

Ошентип түптөлгөнүнө жети жыл болгондон кийин борборду толук кандуу убактылуу баш калкалоочу жайга айлантып, 2009-жылы алгачкы кишиге баш паанек беришкен.

«Кризистик борборго баш калкалоочу имаратты табуу оңой болгон жок. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө улам бара берсем, акыры “макул, сизге жардам берели, 2020-жылга чейин толук акысыз пайдалана бериңиз” деп берген кеңсени көргөндө бир сүйүнсөм, бир кейидим. Эч ким жашабай калган, таптакыр шарты жок бөлмөлөр эле. [...] Балдарым “апа, көйнөк алып ал” деп акча беришчү. Ошондон топтолгон тыйыным бар эле. Ал каражатты ойлонбой туруп эски батирди оңдоо иштерине жумшап салдым. Курулуш материалдары, жумушчулардын тамак-ашы, айтор баары биригип 250 миң сомго оңдоп-түзөттүк», — деп жылмайды Асылбекова.

Жабык эшиктин артында 15 мүнөттөй баарлашкан соң Дарика эже бөлмөсүнөн чыгып, бизге борборду тааныштыра баштады.

Кризистик борбордун жуунуучу жайы. Сүрөт: Сыймык Шамшиев/Kloop.kg

Кризистик борбор төрт бөлмөдөн турат экен. Кире бергенде эле солдо кездеме менен тосулган жуунуучу жай, андан ары түз барсаң чакан ашкана, ал эми оң жактагы узун эмес коридорду бойлой төрт бөлмө жайгашкан.

Ар бир бөлмөдө үч-төрттөн керебет, кийимдер үчүн шкаф жана жалгыз, эскилиги жеткен сыналгы бар. Ашканада муздаткыч жана электр тогу менен иштей турган плита турат.

Коридордун эки жагындагы дубалдарга катар-катар кагаздар илинген. Алардын биринде «Эң мыкты колдоо — бул үмүт, эң мыкты коргонуу — жылмаюу» деген дем берүүчү сөздөр жазылган экен. Дарика эже бул аракеттерин санаа тартып, кыйналып турган адам ар бир сөздү өзүнө жакын кабыл алаары, кайрылган адамдар аны окуп, таасирленип, чыйралып турушун каалаары менен түшүндүрдү.

Биз барганда кризистик борбордо түрдүү тагдырдагы жети аял бар экен. Дарика эже алардын жүзүн тартпоону өтүндү. Ашканада тамак жасап жүргөн келин гана кээде көрүнгөнү болбосо, баары биздин көздөн оолак болгону аракет кылышты.

Чынында Дарика эженин өзүн да интервьюга көндүрүү оңой болгон жок. Ал ар бир нерсеге сак мамиле кылып, маектин башынан-аягына чейин оор окуяларды улутунуу менен баяндап берип жатты.

«Бизге кайрылган адамдардын көбүнүн башында соттук иштери болот. Баарынан кейиштүүсү — ажырашуу жана балдарды бөлүштүрүү. Эгерде ажырашкан эненин үйү, билими жана жумушу болбосо, сот ага балдарын бербейт. Биз күчүбүздүн жетишинче аларга жардам бергени, абалдан чыгарып кеткени аракет кылабыз», — деп токтолду Асылбекова.

Кайрылгандар мында 12-18 күнгө чейин гана жашай алышат. Бул убакыт ичинде борбордун юристи менен психологдору кыз-келиндердин мүлк бөлүшүү, ажырашуу, алимент өндүрүү сыяктуу маселелерин чечүүгө аракеттенишет.

«Борбордо ички эрежелерибиз бар: уруксатсыз эшикке чыгып кетүүгө, бөтөн кишилерге бул жердин дарегин берүүгө, спирт ичимдигин ичүүгө болбойт. Негизгиси баш паанек жайга келгендердин баары менен бирдей, ынтымактуу мамиледе болушу керек. Ушул эрежелерди бузган адамдын жакын туугандарын чакырып, борбордон чыгарууга аргасыз болобуз», — деди Дарика эже.

Дубалга илинген эмгектер. Сүрөт: Сыймык Шамшиев/Kloop.kg

***

2017-жылы «Ак жүрөк» кризистик борбору өзүнүн 15 жылдыгын белгилеген. Ошондо борборго кайрылгандардын эсеби чыгарылып, бул убакыт ичинде «Ак жүрөккө» 16 миң киши кайрылганы белгилүү болгон.

«Анын 1000ге чукулу өспүрүмдөр, 1500дөйү эркектер болсо, калган 14 миңи жалаң аялдар экен. Зордук-зомбулук кээде жалаң кыз же катары менен уул төрөп койгондо деле катталат», — деп билдирди Дарика эже.

Анын айтымында, борборго эркектер деле кайрылышат. Алар көбүнчө юридикалык жактан жардам сурашса, арасында насыяга акча алып, аны кайра төлөй албай калгандар жана балдарын аялынан талашкандар да кездешет экен.

***

«Ак жүрөк» кризистик борборунун эл аралык уюмдардан каржылоосусуз иштеп жатканына 2 жыл болуптур. «Ошентсе да юрист жана психологума ыраазымын, акысыз жардам беришет, — деп жылмайды Дарика эже. — Бардык ишти баштаганда кыйынчылык болот. Мен каржы тапканга аябай эмгектенип, аракеттенип, маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта иштедим. Ар кандай уюмдарга долбоор жазып, донорлордон жардам алып жаттык. Алар берген каражатка шейшеп-жууркандарды, сүлгүлөрдү да сатып алдык. Аялдар алаксыйт деп донорлор бөлгөн каражатка тигүүчү машине да алганбыз».

Дарика Асылбекова аялдардын эмгектерин көрсөтүп жатат. Сүрөт: Сыймык Шамшиев/Kloop.kg

Өз алдынча иштей баштагандан бери ал каражат жагынан кыйынчылыктарга туш болгон. Мындан улам өзүнүн пенсиясын кризистик борбордогу кыз-келиндердин муктаждыктары үчүн жумшоого туура келип атыптыр.

«Жети миң сом пенсия алам. Бул каражат бир айга жетпей калат. Эч айла таппай калганда жумуртка алып келип, нанды ага малам да, эки тарабын кууруп берип коём. Болбосо бизде шарттарыбыз жакшы: муздаткыч, кир жуугуч машина, сыналгы, ысык-муздак суу бар. Каалаган маалда көксөгөн тамагын жасап жей беришет. Айлабыз кетип, аялдар балдары менен ачка калмак болгондо Фейсбукка жазууга туура келет», — деп бөлүштү Асылбекова.

Бир жолу Дарика эже өзүнүн борборуна кыйынчылык көрүп келген келиндин окуясын коомдук желеге чыгарып, боорукер инсандардын кол кабышы менен 150 миң сом топтоп берген экен. Ал келин көчөдө калып, колундагы наристесин карай албай калгандыктан балдар үйүнө тапшырайын деп Дарика эжеге кайрылыптыр.

«“Эртең наристесинин документин даярдап балдар үйүнө тапшырабыз. Атасы баласынан баш тартып, келиндин талагын берди” деп Фейсбукка чыгарып койдум. Заматта 150 миң сом топтолду. Элдин акчасынын бир тыйыны коробой анын эсебинде турат. Ал келин азыр пол жууганы жумушка кирген. Банкта турган акчаны бир жыл болгондо берет экен, азыр ошону күтүп жүрөт», — деп айтып берди Дарика эже.

Азырынча каражат жагынан «Ак жүрөктүн» маселеси чечиле элек. Мындан улам Асылбекова Социалдык өнүгүү министрлиги менен иштеше баштаган. «Алар мамлекеттик буйрутма боюнча колдойбуз деп жатат, азырынча акчасын ала элекпиз», — деп түшүндүрдү ал.

Калган убактарда Ош шаардык мэриясы, Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү жана Ош облустук казыяты жардам берип турушат экен.

«Каражат жок деп өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө кайрылганымда, эки жолу бизге тамак-аш азыктарын беришти. Көзүмөн жаш агып, ыраазы болуп кеттим. Азыр ошону бышырып жеп атышат, — деп кошумчалады Дарика эже. — Ушул облустук казыятка ыраазымын, сенин муктаж экениңди сезип, билип турушат. Аялдарга кол койдуруп, 1000-2000 сом беришет. Келиндер ал акчага азык-түлүк алып, балдары менен жеп отуруп калышат».

Видео: Жусупбек Кошмат уулу, Нуртаза Абдиев
Редакторлору: Элмурат Асан, Гүлжан Эшбаева