Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко 29-сентябрда бир жарым саат Башкы прокуратурада болду. Аны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тууралуу мемдерден улам чакырышкан. Президенттин басма сөз катчысы Жээнбековдун Тарасенкого «дооматы жоктугун», бирок азырынча дизайнерден кечирим сурабасын айтууда.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мемдеринен улам Башкы прокуратурага чакырылган Тарасенконун мыскыл иштери Жээнбековдун «күлкүсүн келтиргенин» «Клооптун» кабарчысына жазды.

«Карикатурачынын иши өлкө башчысынын күлкүсүн келтирди. Ошол бойдон авторду Башкы прокуратурага чакырганга чейин бул ишти эстеген жокпуз», — деди Стамалиева.

Стамалиева журналист менен вотсаптан жазышып жатып, Тарасенко кабылган окуяны «жагымсыз сюрприз» катары сыпаттады.

«Бул президенттин аппараты үчүн жагымсыз кабар болуп калды», — деп жазган ал.

Бирок Стамалиева «Клооптун» кабарчысынын Жээнбеков дизайнерден кечирим сурап-сурабасы тууралуу суроосуна «Башкы прокуратуранын жыйынтыгынан» кийин гана жооп бере алаарын жазды.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Тарасенкону чакыруу менен алардын кызматкерлери «мыйзам чегинде» иш кылышканын ырасташууда.

Маалымат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Куватова башкы көзөмөл орган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Тарасенконун үстүнөн жазылган арызды караганын «Клооптун» кабарчысына айтып берди. Ал эми УКМК өз кезегинде ал арызды президентке байланыштуу карикатураларга нааразы болгон Кыргызстандын жашыруун тургунунан алган.

«Бизге түшкөн ар бир арыз объективдүү жана ар тараптуу каралышы керек. Бирок эгер биз [Жээнбеков тууралуу мемдерди] өз демилгебиз менен интернеттен карап, [алардын авторлорун] чакыра баштасак — анда бул башка маселе», — деди Куватова.

Тарасенко өзүнүн фэйсбук барагында Башкы прокуратуранын кызматкерлери президент тууралуу мемден улам дизайнерди эмне үчүн чакырышканын деле түшүнүшпөгөнүн жазган.

«Башында алар мени менен олуттуу эле сүйлөшкүлөрү келди, бирок окуяны жана түшүнүк каттын маанисин аңдаган соң бардыгы каткыра башташты», — деп сүрөттөгөн Тарасенко Башкы прокуратурага болгон сапарын.

Башкы прокуратура арыз болсо деле аңгемелешүүгө чакырбай коё алабы?

Юрист Замир Жоошев Башкы прокуратуранын аракетинен мыйзамсыз эч нерсе көргөн жок. Мекеме Тарасенкону анын пикири жана жүйөөлөрү менен таанышыш үчүн чакырган.

«Бул нормалдуу эле көрүнүш. Эгер арыз түшсө, [аны] текшериш керек», — дейт Жоошев.

Бирок Тарасенко, юристтин айтымында, Башкы прокуратуранын чакыруусуна барбай деле коё алмак, анткени ал кылмыш иш боюнча айыпталуучу же шектүү болуп эсептелбейт.

Юрист Нурбек Токтакунов да Башкы прокуратурага аңгемелешүүгө чакыруу — бул укук бузуу эмес деп эсептейт.

Токтакуновдун айтымында, маселе бүтүндөй мызамдарда болуп жатат. Башкы прокуратура Тарасенкону аңгемелешүүгө чакырды, анткени ал президенттин ар-намысы менен кадыр-баркын коргошу керек. Юристтин пикиринде, бул «конституциялык эмес» жобо болуп эсептелет:

«Бул жоболор негизи конституциялык эмес, башкы прокуратуранын аракетери да ошондой. Мен бул мемдерди көргөм, ал жерде коркунучтуу нерсе жок. Эч бир кемсинтүү жок, жөн эле тамаша. Эмне президентти тамашага салса болбойбу?»

«Клооп» Тарасенконун Башкы прокуратурагы чакырылышы — бул чектен чыгуу жана бул көрүнүш мындан ары кайталанбашы керек деп эсептейт. Ошондуктан президентибизге байланыштуу ай сайын өтө турган фотошакаба (орусча: фотожаба) конкурсун жарыялайт.