Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Кыргыз кыздары эгер башка этностордун эркектери менен мамиле курушканы үчүн байма-бай катуу басымга кабылышат, өзгөчө эгер ал чет элдик болсо.

Мындай басым жөнүндө окуялардын көбү ЖМКга чыкпай калат. Журналисттердин көңүлүн чет элдиктер менен мамиле курган кыздарга карата зомбулуктун чектен ашкан учурлары гана бурду. Мисалы, «Патриоттор» кыймылынын аракеттери кеңири талкууланган. Ал кыймылда чет элдиктер менен жолугушкан кыргыз кыздарын сабап, анын баарын камерага тарткан Орусиядагы кыргыз балдар болгон.

Бирок мындай окуялардын көпчүлүгү угулбай эле кала берет.


Самара жолдошу менен Эркиндик бульварында сейилдеп жүрөт. Бул түгөйдү айланадагылар кызыгуу менен карап жатышты. Ал — кыргыз, ал эми жолдошу америкалык. Самара жолдошу экөө адамдардын мындай таңдануусуна көнүп калган.

Ал өзүнүн болочок күйөөсү менен чет өлкөдө таанышып, ал эми үйлөнүү тойдон кийин Кыргызстанга эс алууга гана келип турууну чечишкен. Бирок Самара дал ушул жерден айланадагылардын жактырбаган көз караштарын сезет.

Самара жолдошу менен Ош базарына такси менен барган учурун эстеди. Айдоочу алардын мамилесин эгер күйөөсү 100 доллар калтырып кетсе колдоорун айтып тамашалаган.

Базарга келгенде алар жетелешпей бири-бирине сезимдерин көрсөтпөөгө аракет кылышкан — бул тууралуу алар алдын ала сүйлөшүп алышкан. Анда Самараны котормочу катары кабыл алышып, ошого жараша жергиликтүү эркектер болгону анын күйөөсү кайдан келгенин кызыгып, сурашкан.

Бирок башка кыз-келиндерге караганда Самарага тагдыр көбүрөөк жылмайган.

2017-жылы Ош базарында кыргыз кызы ооганстандык эркек киши менен жетешелип бара жатканда аларга кол салышкан. Эркек киши аялды бетке чаап, «кыргыз кыздары чет элдиктер менен жолугушпашы керектигин» билдирген.

Ал күч колдонуудан тышкары, аялды «башыңды балта менен чабам» деп коркутуп, ал эми оогандык жигитке «Кыргызстандан жоголууга» кеңеш берген. Кол салган адамды айланадагылар менен сатуучулар тынчтандырууга аракет кылышып, бирок бул анын каарын токтото алган эмес. Ал «Эмне кыргыз балдары калбай калыптырбы?» деп кыйкырык салганын уланткан.

Милициядан эмне үчүн орус таап албаганымды сурашкан

Александра болочок жолдошу менен Бишкекте таанышкан. Ал — этникалык орус, ал эми жолдошу — түркмөн. Алардын мамилесине карабастан, Александранын да, анын күйөөсүнүн да туугандары алардын баш кошуу чечимин этияттык менен кабыл алышкан. Бирок акырындык менен эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү тең бири-бирине жакшыраак мамиле кыла башташкан.

Үйлөнүү тойдон кийин Александра жолдошу менен жашаш үчүн чет өлкөгө көчүп кеткен. Анын айтымында, Кыргызстанда, Орусияда же Түркмөнстанда жүрүшсө көпчүлүк алардын этникалык мекенин сураганга аракет кылышып, башкача көз менен карашат. Постсоветтик өлкөлөрдөн тышкары Александра өзүнө жана жодошуна карата мындай көңүл бурууну байкаган эмес.

«Алыскы чет өлкөлөрдө улут аралык түгөйлөргө жеңил мамиле кылышат. Биздин да ошондой досторубуз көп», — деди ал.

Александра күндөрдүн биринде Бишкекте жоготуп алган ID картасын калыбына келтирүү керек болуп калганын эстеди. Ал ИИМге кайрылып, милиционерлерге документти кантип жоготконун жана ошол эле кезде жолдошу жанында болгонун айтып берген.

Милиционерлер анын жолдошу этникалык түркмөн экенин билип калып, ал ким экенин жада калса кайда иштээрин сурап, ага дыкат кызыга башташкан.

«Ошол жерден милиционерлердин бирөөсү “эмне өзүңө орус таба албай калдыңбы?” деп айтты. Бул сөз мага абдан катуу тийип, эмне деп жооп кайтараарымды билбей калдым», — деп эстеди Александра.

Куурдакты «туура эмес» жегенине кыжырданышкан

Айжан (аты өзгөртүлдү) англис тил мугалимдикке окуп, Бишкектин отелдеринин биринде администратор болуп иштеген. Күндөрдүн биринде ал мамилелер жөнүндө шыктандырган видео көрүп калып, таанышуу сайтында катталган.

Ал менен таанышууга аракет кылган жигиттер көп болгонун, бирок ал бирөөсүнө гана, англиялык бир балага, жооп бергенин айтат. Анын айтымында, жигит анын көңүлүн жаныбарларды жакшы көргөндүгү жана жаман адаттары жоктугу менен буруп алган.

Айжан жаңы таанышы менен WhatsApp аркылуу сүйлөшүүнү чечкен. Ал жигит менен интернет аркылуу таанышканы үчүн өзүн оңтойсуз сезген.

«Таанышкандан кийин дароо эте сайттан барагымды өчүрүп салдым. Аны тынчыраак пайдалана албадым, анткени адамдар жаш балдар менен кыздар өздөрүнүн болочок өнөктөштөрүн интернетте жолуктурушат деген окуяларды угууга көнүшө элек болчу», — деди Айжан.

Түгөйлөр Дэвид (аты өзгөртүлдү) Англиядан Бишкекке келгенге дейре дээрлик бир жыл мессенжер аркылуу сүйлөшүшкөн. Айжан аны менен жеке жолугушуудан кийин гана мамиле кура баштаган. Дэвид ага баш кошуп алууну сунуштап, Айжан ага макул болгон.

Ошондо Айжан болочок жолдошун туугандары менен тааныштырыш үчүн өлкөнүн түштүгүнө тай энесиникине барган. Алар өздөрүнөн тышкары бир нече жүргүнчүсү, көбүнчө улгайган адамдар бар такси менен жол тартышкан.

Жолдо катар Айжан чогуу кетип бара жаткан эркек киши менен таанышып, ал ага апасы жагынан тууган чалыш болуп кетээрин билген. Алар жол боюндагы кафелердин бирине тамактанууга токтошуп, Дэвид өзүнө куурдак алып, ал эми Айжан болсо официанттан болочок жолдошу үчүн вилка жана бычак алып келип берүүсүн суранган.

«Ал куурдакты бычак жана вилка менен жей баштаганда столдо отурган эркектердин бардыгы, айдоочу жана менин тууганым жиндери келип, Дэвидге бизде эркектин бардыгы тамакты кол менен жей турганын түшүндүрүүм керектигин айтышты. Алар мындайга чыдабасын айтышты», — деди Айжан.

Ал кафенин бардык коноктору Дэвидди карашканын кошумчалады. Таксинин айдоочусу аны карап катуу күлө баштап, ал эми Дэвид чайын гана ичип, тамакка тийген жок.

Алар сапарын улантышкан соң, Айжандын тууганы ал өтө кыска көйнөк кийип алганын жана бул «анын болочок жолдошунун таасиринин» жыйынтыгы экенин билдирди. Ал Айжан «арабча жазып окуганды үйрөнүп, динге кайрылышы керектигин» кошумчалаган.

Айжандын тай энеси Дэвидди абдан жакшы кабыл алган. Айжан тай энеси абдан ачык мүнөз киши экенин жана Дэвид экөө аныкында экин күн конуп, андан соң гана Бишкекке келишкенин айтып берди. Бирок кайтып келээри менен Айжандын өз апасы ага тай энеси телефон чалып, ал мындан ары Дэвид менен келбөөсүн суранганын айткан.

«Тай энеме адамдар мен эмне үчүн англичан менен же эмне үчүн мен динди сыйлабай кыска кийинип алганым тууралуу суроолорду жаадыра башташканын айтты», — деди ал.

Бишкекте деле Айжанга айланадагы адамдар болочок жолдошу менен жүргөндүгү үчүн суроолорду берип тийишишкен учурлар болгон. Мисалы, ал дүкөнгө биринчи кирип, андан соң Дэвид үчүн эшигин кармап турганда. Ошондон кийин дүкөндүн күзөтчүсү жигити кайдан келгенин сураган.

«Жооп алган күзөтчү «Англияда кыздар аз бекен? Эмне үчүн сен англичанга эшик ачасың, эмне үчүн Англиядан кыз таап албайт?» деген суроолорду берген», — деди Айжан.

Анын айтымында, Дэвид азыр мындай суроолор менен адамдардын жогорудагыдай мамилелерине көнүп калган, ал эле эмес тамашалап жооп бергенге да аракет кылат.

Чет элдик жигитим менен бара жатсам «жалап» дешти

Айпери (аты өзгөртүлдү) өзүнүн болочок жигити менен Бишкекте таанышкан. Ал Кыргызстанга Канададан келген. Айпери жигити аны таанышканга чейин эле бир нече жолу көрүп, бирок таанышканга жетине албай жүргөнүн айтып берди.

Андан соң ал инстаграмдан жазып, Айпери ага жооп берген. Ошентип алар сүйлөшө башташып, азыр эки жылдан бери жолугушуп жүрүшөт. Айпери жигитин апасы менен тааныштырганын, бирок атасы менен тааныштырууга батына албай жатканын айтууда.

«Ата-энем ажырашып кетишкен. Апам — кеңири ой жүгүрткөн адам, алар жакшы тил табышып алышкан. Атам болсо дин туткан адам. Ал дайыма күйөөм мусулман болушу керек деп көшөрөт. Ошондуктан атам менен урушуп кетпейин деп сүйлөшкөн жигитим жөнүндө айтпай жүрөм», — деди Айпери.

Алар бир жерге чогуу чыгып калышкан кезде айланадыгылардын жактырбаган реакциясына кабылышат.

«“Биздикилер калбай калганбы?” деген сыктуу терс сөздөрдү далай уктум. “Бишкекпарктан” болсо өспүрүмдөр мага кыргыз тилинде “Карагыла, жалап чет элдик менен жүрөт. Бизди уят кылып жатат” деп айтышкан», — деди ал.

Анын айтымында, жада калса айрым курбулары да Айперинин тандоосун жактырышкан эмес.

«Курбуларың сенден оолактап, сенден алыстаганы эң өкүнүчтүү. Андан соң “элдер көрүп алып, мени да сендей деп ойлоп алышат” деп түшүндүрүшөт», — деди Айпери.

Күндөрдүн биринде Айпери жигитине Бишкектин базарын көрсөтөйүн деп Орто-Сайга барат. Алар картошка сатып алалы деп сатуучуга келишет, бирок берки аларга картошка сатуудан баш тартып койгон.

«Башында сатуучу укпай калды го деп ойлоп, дагы бир жолу сурадым. Бирок ал сендейге жана сенин жигитиңдейлерге картошка сатпайм деп айтты», — деп эскерди Айпери.

Апери жана жигити кабылган дагы бир жагымсыз окуя таксиде болгон. «Таксист мага кыргыздар менен гана жолугушуш керектигин, биз улутту уят кылып жатканыбызды, башка улуттун эркектери биздин кыздырды колдонуп жатышат деп башты оорутту. Кыргыз эркектери биз үчүн уялып жатышканын айтты», — дейт ал.

Акча жана өлкөдөн кетиш үчүн турмушка чыкты деп ойлошкон

Венера (аты өзгөртүлдү) болочок жолдошун жумушунан жолуктуруп, ал америкалык болуп чыккан. Венера өзү да, жигити да либералдык көз карашты карманышканын айтат. Алар жолугуша башташып, кийинчерэк баш кошушкан.

Венеранын айтымында, туугандары алгач чет элдикке турмушка чыгууу жөнүндө чечимин колдошкон эмес. «Кыргызстанда чыныгы эркектер калбай калгансып» деп жемелешип, бирок буга карабастан Венера өзүнүн жолдошу менен турмуш курууну чечкен. Ошондон кийин гана туугандары анын жолдошуна жакшы мамиле жасай башташкан.

«Алар эч качан башка маданияттын адамдары менен сүйлөшүшкөн эмес, алар үчүн бул коркунучтуу болгон. Бирок белгисиз нерсе дайыма коркунучтуу боло берет да. Таанышкандан кийин пикирлери абдан өзгөрдү», — дейт Венера.

Ал тааныштары көбүрөөк жемелешкенин кошумчалады. Алар «акча үчүн америкалыкка тийип алды жана Кыргызстандан кеткиси келип жатат» деп ойлошкон.

«Мен дайыма аларга чынында ал бай эмес экенин айтып түшүндүрө албай жүрдүм. Ал жөнөкөй эле үй-бүлөдөн. Мен эч жакка кетпейм», — деди Венера.

Анын айтымында, бейтааныш адамдар сүйүшкөн түгөйгө терс реакция кылган эмес, ал эми аймактарда аларга меймандостук менен мамиле жасашкан.

Бирок күндөрдүн биринде ал күйөөсүнүн айынан айланадагылар менен чатакташып кеткен.

«Кафеде отурганбыз. Жаныбызда бизди карап мыскылдап эки бала отурган. Күйөөм да аны байкап калган. Бир кезде алар “Мындай капкара мырка ак эркекти кармап алыптыр, жакшы сорот бекен?” деп айтышты», — деп эстеди ал.

Бул сөздөрдү Венеранын күйөөсү угуп калып, аялынан балдар айткан сөздү которуп берүүнү суранды. Ал ага түшүндүрүп берген соң күйөөсү балдарга барып эшикке чыгууну суранды. Ошол жерден алар мушташып кетишкен.

«Жолдошум чатактан алыс киши. Бирок алар жеке мага терс сөз айтып намыска тийишкендиктен ал балдар менен мушташууга аргасыз болуп калды», — деди Венера.

Анын айтымында, балдар урушту курчутуп жиберишкен эмес. «Ал башка өлкөнүн жараны болгондугу жардам берсе керек. Алар бул жерде сотто утулуп калышаарын сезишти», — деп эсептейт ал.

Афроамерикалык маймыл деп аташкан

Сауле (аты өзгөртүлдү) — казак. Ал сегиз жыл мурда Бишкектин түнкү клубдарынын биринде жигитин жолуктурган. Ал афроамерикалык болгон жана Американын аскер базасында иштеген.

Сауле жигитине узакка чейин жооп бербей жүрүп, бирок ал кол шилтебей ага жетүүгө талпынып, жүрөгүн багынтып алганын айтат.

«Биз жолугуша баштадык. Анын кандайдыр бир магнити бар эле. Бул менин чет элдик менен мамиле куруумдагы алгачкы тажрыйбам болчу, болгондо да кара терилүү менен. Адам катары ал жакшы киши болчу», — деп эстеди Сауле.

Түгөй түнкү клубдарга барган сайын ар кандай окуяларга кабылчу. Жергиликтүү балдар Сауленин кара терилүү чет элдик менен жүргөнүн көрүп алышып «Сага жергиликтүү балдар жетишпей жатабы?» деп айтышчу. Бир жолу ал бийлеп жатып анын жигити менен досуна бейтааныш бала келип отурганын байкап калат. Сауле кабатырланып, эмне болуп жаткандыгын билүүнү чечет.

Жигитим  бейтааныш балдар менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүмдү которуп берүүнү суранып, чыдабай кетип аны чаап жиберди. Алар мушташа кетишти.

«Балдар кыйкырып, тааныштарына чалып, көргүлүктү көрсөтөм деп жатты. Күзөчтүлөр баарын эшикке сүйрөп чыгышып, андан соң биз ал жактан кетип калдык», — дейт Сауле.

Анын айтымында, клубдагы окуядан кийин жигити ага кыргыз балдар эс алган жайларга барбасын айткан. Ошондон кийин алар жогорудагыдай кишилер жок кымбат жайларга бара башташкан.

Ал жигити менен сейилдеп жүргөн кездерде дарегине «Карасаң, маймыл келе жатат» деген сөздөр айтылганын эстеди.

«Ош базарына барсак бардыгы мен пил менен кетип бараткансып карашты. Бардыгы колу менен көрсөтүшөт. Албетте, менин жигитиме мунун баары жагымсыз болду», — дейт ал.

Сауле үй-бүлөсү тандоосун колдошконун айтат. «Улуттарга эч качан бөлүшкөн эмес. Туугандарыбыздын ичинде ар кандай улуттар аралык никелер көп», — дейт ал.

Алар эки жыл сүйлөшкөн соң жолукпай калышкан.

«Сыйыбыз менен эле урушуп-талашпай сүйлөшпөй калдык. Коом бизди кабыл албай койгону да өз ролун ойноп кетти. Ал бул жерде мынтип жашай албайбыз деп айтып жүрчү. Бирок бул жерде менин туугандарым болгондуктан мен да башка жакка кетким келген жок», — деди Сауле.

Ал бүгүн деле чет элдиктер менен жолугушкан кыздарга карата мамиле өзгөргөн жок деп эсептейт. Ал эле эмес жергиликтүү балдар менен жолугушсаң деле сөзгө каласың деген ойдо:

«Мурдагы жылы Ош базарында оогандык бала менен жүргөнү үчүн эле кызды чаап жиберген окуяны эстедим. Бул кандай гана караңгылык. Отуруп алып эгер мындай адамдар көбөйгөндөн көбөйүп жатса, анда эмне үчүн бул өлкөдөн кетип калбайм деп да ойлоносуң».

Редакторлору: Элдияр Арыкбаев, Бектур Искендер, Рустам Халимов


Урматтуу окурмандар, кыздарга карата мындай мамилени токтотуш үчүн эмне кылуу керек?