Кесилиштеги кырсыктар жергиликтүүлөр үчүн адаттагы эле көрүнүш болуп калган. Күбөнүн сүрөтү 

Жол белгилери жок бырыйган жалгыз темир мамычалар, жол тилкедеги сыныктын калдыктары, тормоздун үнү жана чыйылдак, Орозбеков жана Баялинов көчөсүндөгү кесилиштин тургундары үчүн адаттагы эле көрүнүш.

7-августта Орозбеков көчөсүндө Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрө ачылгандан кийин ал абдан эле керектүү экени байкалган. Эми ал аркылуу борбордон, мисалы, «Дордой» базарына өтсө болот.

Бийлик бир гана жаңы көпүрө курбастан, жол кыртышын оңдоп, белгилерди орнотуп, жөө кыя сызыктарын чийип, а бирок жол чырагын койбой койгон.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, көпүрө ачылгандан кийин бир ай өткөн соң бул жерде 16 адам жабыркаган жети жол кырсыгы катталган.

Жергиликтүү тургундар милиция жол кырсыгынын бардыгын эле каттаган эместигин, ал эми жалпы эки айдын ичинде алар жашаган кесилиште 40тан ашуун жол кырсыгы катталганын айтышууда.

«Мен абдан коркуп калдым»

Раиса Алаеванын үйү кандуу кесилиштин так буручунда жайгашкан. Пенсионер үчүн күтүүсүз жол кырсыктары күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү болуп калган. Баарынан да аны үйүнүн тосмосунун жанында болгон кырсыктар кейитет. Күндөрдүн биринде, ал эстегендей, машина анын үйүнүн жанындагы теректи сүзгөн. Дал ошо терек тосмону талкалануудан сактап калган.

«Бул кандайдыр бир шумдук. Алар бардыгы шашма: же алардын документтери туура эмес же алар белгилерди билишпейт. [...] Мен абдан коркуп калдым. Мен биздин кесилиштен баспоого аракет кылам. Мен бул жерден баспай, башка жак менен өтүүгө аракет кылам. Бирок кээде айлаң гана жок болуп калат», — деп арызданат Алаева.

Пенсионер түнкүсүн дайыма уйкудан калып, кээде автоунаалардын үнүнөн улам чочуп ойгонуп кетээрин айтат: «Алар чыйылдап, шашып, ал эми тормоздорунан түтүн чыгып кетет. [...] Уктап жатсаң бир маалда “Бабах!” эле дей түшөт — кырсык».

Жол оңдолгондон кийин кесилиште белгилер орнотулган: аларга ылайык, бул жерде башкы көчө Баялинов.

Азыр белгилердин жарымы жок болуп кеткен, анткени автоунаалар аларды кырсык учурунда жулуп эле кетишет.

Жулунуп кеткен белгилер эми Алаеванын үйүнүн алдында жатат. Сүрөт: Алексей Журавлёв/kloop.kg
Кесилиште белгилердин жарымы жок. Сүрөт: Алексей Журавлёв/kloop.kg

«Бардыгы балдары үчүн коркушат»

Өрозбеков жана Баялинов көчөлөрү шаардын борборунун чок ортосунда эмес. Тургундар өз районун «балдар үчүн ыңгайлуу» деп аташат.

Чындыгында, кесилиштин айланасында эки мектеп, ар түрдүү конфессиядагы бир нече чиркөө, мечит, бир нече жеке жана мамлекеттик бала бакча, ошондой эле, кесилиштин жанында эки аялдама бар.

Алыс эмес жерде жайгашкан «Rainbow» бала бакчасындагылар кооптуу кесилиш үчүн кабатырланышууда. «Биз [кварталдык бөлүмдөн] мэрияга кайрылып, жол чырак орнотууну суранышуусун өтүнгөнбүз», — деди анын кызматкерлеринин бири.

Эртең менен жана кечкисин ал жерден дайыма балдар өтүшөт. Эми ата-энелер балдарын жалгыз мектепке жөнөтүүдөн коркуп калышты.

«Кийинки көчөдө мектеп бар. Чынын айтканда, бардыгы балдары үчүн коркушууда. Мурда алар өздөрү барып келишчү, эми аларды жетелеп барып, жетелеп келишүүдө», — деди кооптуу кесилиштин дагы бир тургуну Гүлнара.

Орозбеков жана Баялинов көчөсүндөгү кезектеги жол кырсыгы. Күбөнүн сүрөтү

Назгүл эртең мененки ондон кечки онго чейин бурчтагы дүкөндө иштейт. Ал жолдо «жөө кыя» турганына карабастан мектеп окуучуларына жолдон өтүүгө кыйын болуп атканын айтат.

«Мисалы, мен эшикте беш-он мүнөт туруп, мектеп окуучуларын эч ким өткөрбөй атканын көрөм. [...] Мен аларга жолдон өтүүгө жардам берем, ал жер кооптуу. Кээде өзүм деле өтө албай калган учурлар болот», — деп нааразы Назгүл.

Августта тургундар акция өткөрүшкөн: алар кечинде жөө кыяда баладай болуп көрүнгөн манекен коюшкан. Алардын айтымында, бул эксперимент натыйжасын берген. Ал учурда бир да жол кырсыгы болбой, ал эми Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл тынч жана коопсуз болуп калган.

Бийлик көңүл буруп атабы же жокпу?

Жол оңдолгондон кийин Калык Акиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилиштери да кооптуу боло баштаган. Жергиликтүүлөр жол кырсыгы көп болуп атканына нааразы болушкан. Бир жолу ал жерде жада калса тез жардам кызмытынын унаасы да кырсыкка учураган.

Сентябрдын ортосунда, тургундардын бир катар арыздануулары менен ЖМКдагы билдирүүлөрдөн кийин мэрия кесилиштин алдына айдоочулар ылдамдыгын азайтышы үчүн жасалма дөңчөлдөрдү орнотууну чечкен.

Бул кесилиштин бурчунда «Ата-Мекен» партиясынын кеңсеси жайгашкан. Анын кызматкерлери маселенин тез чечилишине партиянын кайрылуусу негиз болгон деп эсептешет. Алар мэрияга өздөрү чалып, маселени чечүүнү сурашыканын айтышууда. Бул жерде жасалма дөңчөлөр орнотулгандан кийин, партиянын кызматкерлери айтышкандай, кесилиште алар кырсыктарды байкабай калышкан. Ал эми буга чейин 20дан ашуун кырсык болгон.

Жергиликтүү тургундар менен «Ата-Мекендин» кызматкерлеринин кайрылуусунан кийин Калык Акиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилиши ушундай болуп калган. Сүрөт: Алексей Журавлёв/kloop.kg

Кварталдык кызматкер Рано Ташматова Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүндөгү биринчи кырсыктардан кийин бийликке тургундардын колу коюлган кайрылуу чогултканын «Клооптун» кабарчысына айтты.

«Жол ачаар алдында алар коопсуздукту камсыздашы керек. Алар белгилерди, жатак полицейскийлерди, жол чырактарды орнотуп, андан соң гана жолду ачышы керек эле. Бул кандуу жол болуп калып атпайбы», — деп нааразы болду ал.

Тургундар Бишкек мэриясына, ЖКККББга жана Капиталдык курулуш башкармалыгына бул жерде токтоосуз түрдө жол чырак, «жатак полиция» орнотуп, автоунаалардын ылдамдыгын чектөөнү суранып, бир нече петиция жазышкан.

Августта Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, бул жылы жол чырак орнотуу мерчемделген эмес. Бирок ал жерде бул тууралуу маселени кошумча кароону убада кылышканы менен ал бир айдан бери каралууда.

Мэрия: Жол чырак керек

9-октябрда мэрияда транспорт маселеси боюнча жаңы вице мэр Максим Ситников пайда болду. Ал бул жылы Орозбеков жана Баялинов көчөсүндө жол чырак орнотулаарына ишендирди.

«Буйрук даярдалууда. [...] Приоритеттүү кесилиштердин бири — бул Баялинов жана Орозбеков көчөсү. Бул маселе азыр каралууда жана жакын арада чечилип калат деп ойлойм», — деп ырастады ал «Клоопко» курган маегинде.

Бирок шаардык долбоорлоо боюнча адис Атай Самыйбек жол чырак орнотуу менен эле маселе чечилип калбасын айтат.

«Ар бир кесилишке жол чырак орнотуу туура эмес жана натыйжасыз. [...] Долбоорлоо учурунда иш участогун талдоо жана изилдөө абдан маанилүү баскыч. Кесилиштердин бардыгы үчүн универсалдуу чечим жок», — деп түшүндүрөт ал.

Самыйбектин пикири боюнча, кесилиштерди коопсуздандыруу үчүн катар-катары менен стоп сызыктарын түшүрүп, жарыктандырууну камсыздап, бийик жөө кыялар менен коопсуздук аралчаларын жабдуулоо, андан тышкары, аларда автоунаалардын ылдамдыгын чектөө керек.