Кыргызстандын мурдагы президенттери эмне жөнүндө өкүнүшөт? Кыязы, коомдук желеде буга жооп табылды окшойт. Муну үч абзацта көрсөтөбүз.


«Санап келе жаткан көп катачылыктардын бири - Курманбек Бакиевди кичинекей заводдун директорлугунан эки облуска губернатор, кийин премьер-министр кылып бийликке алып келгеним. 2005, 2010-жылдар көрсөткөндөй бул эң чоң катамдын бири болуптур».

Аскар Акаев, 2012-жыл


«Бир кездерде өз өмүрүмдөгү эң чоң катачылык жасадым — бул өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгы үчүн эмес, чоң кызматка отурууну максат кылган адамды, Алмаз Атамбаевди жумушка алганым».

Курманбек Бакиев, 2015-жыл


«Бир жылдан бери кай жерден ката кетиргендигим тууралуу ойлонуп, эми болсо түштүктөгү кадрлар боюнча мен толугу менен Сооронбай Жээнбековго ишенгеним анык болду. Ага эски дос катары ишенгем. [...] Бир гана адамга ишенүү менен ката кетирдим жана бул менин күнөөм».

Алмазбек Атамбаев, 2018-жыл


Эгер сиз мурдагы президенттердин цитаталарын окугуңуз келбесе, анда «Просто Мария (Жөн гана Мария)» операсынан алынган видео үзүндүнү көрсөңүз болот, себеби мааниси бирдей эле.