Шаардык сот Райымбек Матраимовго бажы кызматына кайтууга уруксат берди

Бишкек шаардык соту Райымбек Матраимовду бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарды. Матраимовду «көмүскө схемаларага тартылгандыгы» боюнча 2017-жылы ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кызматтан алган.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаардык сот 28-декабрда өкмөттүн арызын канааттандырбай койгон — бул Матраимов кызматына кайра кайтып барат дегенди билдирет.

«Азаттык» басылмасы өкмөттүн өкүлдөрү бул чечимди Жогорку сотто даттанууга даярданып атышкандыгын жазууда.

Матраимовдун адвокаттарынын пикири боюнча, аны «ал административдик кызматты аркалап турган кезде саясий жүйөөлөр» боюнча бошотуп салышкан. Матраимовду «көмүскө схемаларага тартылгандыгынан» улам 2017-жылы ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кызматтан алган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовду бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын «кардиналы» деп атап, аны кызматтан алууну буйруганын билдирген. Матраимовдун бажы кызматына кайтуусу учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президенттин ортосундагы тирештин себептеринин бири болгон.

2017-жылдын февралында «Азаттык» үналгысынын журналисттери иликтөө жүргүзүшүп, жылына 8500$ тапкан расмий кирешеге карабастан Матраимов Ош шаарында эки «Народный» супермаркети менен «Эрем» спорттук комплексине ээлик кылаарын аныкташкан.

Журналисттер Матраимов өзү Бишкетин Эркиндик бульвары менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде кымбат баадагы үйлөрдүн биринде жашаарын жазышкан. Матраимовдун Бишкектеги батиринин жалпы аянты 256 чарчы метр жана ал апасына каттатылган.

2015-жылдын салык декларациясына ылайык, Матраимов 57 жана 39 чарчы метрди түзгөн эки батир менен «Лексус-GX460» үлгүсүндөгү машинага ээлик кылат. Андан сырткары, «Азаттык» үналгысынын журналисттери Матраимовдун баласы чет жактагы курорттордун кемелеринде эс ала турганын аныкташкан.

Матраимовду кызматка кайтаруу президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш боюнча билдирүүлөрүнүн шартында болууда.

Кыргызстанда 2018-жылдын апрелинен тарта коррупция үчүн айыпталып бир нече жогорку кызматтагы аткаминерлер кармалган. Алардын көпчүлүгү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери. Тергөө изоляторунда отургандардын арасында ноябрда Матраимовду кызматтан алган экс-премьер министр Сапар Исаков да бар.

Ал эми 2018-жылы февралда өкмөт райондук сотто утулуп калган.