Иллюстративдик сүрөт: Дастан Үмөтбай улуу/Kloop.kg

Оштогу ооруканага 10-январь күнү денеси муздап калган наристе жеткирилген. Дарыгерлер милицияга кабарлап, соттук-медициналык эскпертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында бала сабалганы аныкталып, анын өлүмүнө шектүү катары 30 жаштагы жеңеси кармалды.

Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери Бекболот Жусубалиев баланын жансыз денесин 10-январь күнү анын агасы алып келгенин айтып, наристе бейтапканага келгенге чейин каза тапкан деген пикирде.

«Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип коюшуптур. Мен киргенде баланын денеси муздап калган экен. Дем алганы, жүрөгүнүн согушу жок болчу. Оорукананын өлүк кармоочу жайына алып барып, милицияга кабар бергенбиз», — деди дарыгер.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, эки жашар баланын денесин кароо учурунда өлүмүнө сырттан таасир бар болушу мүмкүн экени байкалып соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маалыматка ылайык, баланын бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экендиги аныкталган. Анын өлүмүнө шектүү катары ошол эле күнү анын 30 жаштагы жеңеси кармалган.

«Шектүү өз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристе шымына сийип койсо “анча-мынча” чымчып, “анча-мынча” буттарына уруп жүргѳндүгүн билдирген. Анын айткандарын күйѳѳсү тастыктап, аялы тарбиялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан», — деди Сыдыков.

Учурда шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында. Аталган факты боюнча «ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Басма сөз катчынын айтымында, маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Атасы Орусияга кетип жаткандыктан, баласын өткөн жылдын 30-декабрында агасынын үйүнѳ карап туруу үчүн таштап кеткен.

Ош шаарында мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Өткөн 2018-жылдын февралында апасы тарабынан кепкир менен сабалган үч жашар наристе Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Жараатынын оордугунан улам бала өзүнө келбей жети күндөн кийин каза тапкан.

Редактору: Гүлжан Эшбаева