Иллюстративдик сүрөт

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысы Шарабидин Капаров жергиликтүү эки жашоочуну сотко берди. Капаровдун айтымында, тургундар анын үстүнөн «негизсиз арызданып жүргөндүктөн», тынымсыз текшерүүлөр ишине тоскоолдук жараткан. Райондук соттон доогердин арызы 1-февралда кабыл алынганын тастыкташты.

Эмне болду?

Кызыл-Кыштак айылынын башчысы Шарабидин Капаров эки тургун: Орозакан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакаримованын үстүнөн 25-январда Кара-Суу райондук сотуна арыз менен кайрылганын «Клоопко» билдирди. Буга тургундардын анын үстүнөн «негизсиз арызданып жүргөнү» себеп дейт ал.

«2018-жылы облустук жана райондук прокуратурадан 15 жолу текшерүү келди. Айыл өкмөттүн адистери иштей албай кыйналышты. Биз прокуратурага кеткенде 12 чакырым алыстыктан келген айылдыктар күтүп калууда. Быйыл да элди ошентип кыйнасак болбойт, аларды кабыл алып, көйгөйлөрүн чечишибиз керек», — дейт айыл башчы.

Тынымсыз текшерүүлөрдөн «кадыр-баркыма шек келди» деген Капаров эки тургундан 1,5 млн сом моралдык компенсация өндүргүсү келет. Капаров кошумчалагандай, Токторалиева менен Мирзакаримова айыл башчыдан «сугат жер бер деп талап кылып келишет». Бирок ал элетте сугат жерлери жоктугун айтат.

«Эми президентке дейре барабыз»

Капаров сотко берген эки тургундун бири Орозакан Токторалиева ага Кара-Суу райондук сотунан расмий билдирүү келгенин ырастады. Ошондой эле, ал айыл башчыга «сугат жерлерди эмес» «кайрак жерлерди» сурап кайрылганын айтты. Бирок анын өтүнүчү беш жылдан бери аткарылбагандыктан, Капаровдун үстүнөн арызданып Жогорку кеңеш, өкмөт башчысына жана президентке кат менен кайрылган.

«Суулуу жерге мораторий киргизилгенин биз да билебиз. Кайрак жер болсо да бер десек, жер жок дейт. Болбосо кайрак жерлерди алтыга бөлүп, аукциондо 8-12 миң доллар, эң арзан болсо 300 доллардан сатат. Ошол жерлерди биз көрсөтүп беребиз», — деген Токторалиева айыл башчы жумуштан кетиши керек деп эсептейт.

Төрт баланын энеси талаада дыйкан-чарба кылып тиричилик кылаарын айтат. «Доо акысын төлөөгө чамам жетпейт деген» тургун президентке дагы бир ирет арызданаарын кошумчалады.

Гүлнара Мирзакаримова да айыл башчынын ага коюп жаткан доосу менен макул эмес. Ал буга чейин Шарабидин Капаровдон уулуна жер сурап кайрылганын, бирок анын өтүнүчү аткарылбагандыктан айыл башчынын үстүнөн арызданып жүргөнүн айтты.

«Мага жер бер десем, өчөшүп “элге берсем да сага бербейм” дейт. Үйдөгү эки келиним бир үйгө батпай жатат. Бизде күнөө жок, акча да жок. Ал акча менен жаап коюп атат. Эми бутум жеткен жерге чейин бара берем», — дейт Мирзакаримова.

«Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү бир жылда 19 жолу текшерилген»

Ош облустук прокуратурасынын өкүлү Нурбек Багышбековдун айтымында, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө тургундардын арыздарынан улам 2018-жылы облустук жана райондук прокуратурадан 19 жолу текшерүү барган. Арыздардын көпчүлүгү «жерди мыйзамсыз бөлүштүрүү» боюнча түшкөн.

«Жарандардын “жерди мыйзамсыз берип жатат” деген өңүттөгү арыздары канааттандырылган эмес. Себеби эреже, мыйзам бузуу фактылары болбогондугу аныкталган», — деди Багышбеков.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов айыл башчынын арызы Кара-Суу райондук соту тарабынан кабыл алынгандыгын тастыктады.

«Шарабидин Капаровдун арызы 25-январь күнү кыймылсыз калтырылган эле. Себеби арызда доо коюунун талаптары тиешелүү түрдө келтирилген эмес деп табылган. 1-февраль күнү айыл башчы доо арызды тиешелүү түрдө толуктап келди, эми соттук отурум дайындалат», — деди Осмонкулов.

«Сугат жерге мораторий киргизилген, кайрак жер түгөнгөн»

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер бөлүштүрүү адиси Шахридин Сайпидинов Өкмөттүн 2009-жылдагы токтомунун негизинде сугат жерлерден тилке берүү токтотулгандыгын жана айылдагы трансформациядан өткөн кайрак жердин баары бөлүштүрүлүп берилгенин айтты.

«Акыркы жолу, 2011-жылы жайыттагы какыраган 57 гектар жерди транформациялоо [жерди бир категориядан экинчи категорияга өткөрүү] боюнча документти алганбыз. Анын негизинде башкы план иштелип чыгып, кайрак жерлер элге берилген. Андан бери 85 гектар жерди трансформациялоо боюнча документтерди жогорку органдарга жөнөткөнбүз. Жообу келе элек, анан кантип жер бере алабыз?», — деп суроо салат ал.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн карамагында 2 100 гектар жер бар. Анын 75 пайызы 1995-жылы айыл элине үлүшкө берилген. Калган 25 пайызы орто фонд болуп эсептелет — аны жергиликтүүлөр беш жылда бир ирет аукцион аркылуу ижарага алып, салык төлөп, дыйкан-чарбачылык кылышса болот. Жер беш жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, учурда айыл өкмөттө жер алуу боюнча 3 миң адам кезекте турат.

Редакторлору: Гүлжан Эшбаева, Элвира Султанмурат кызы