Оштогу Кытай өкмөтү курган оорукана февралдын аягында ачылат

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан оорукана. Сүрөт: Самара Алимбекова / Kloop.kg

Ош мэриясынан бир ай мурда 150 орундуу заманбап бейтапкананын ачылбай жатканынын себебин жашылдандыруу жана имараттын айланасын тосуу иштери менен байланыштырып, оорукана январдын соңунда пайдаланууга берилет деп убадалашкан. Эми бейтапкананы өткөрүп алуу иштери калганын маалымдашты.

Шаар бийлигинин «150 орундуу заманбап оорукананын курулушу аяктады» деп айтканынан бери жарым жыл өттү. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров 11-январда оорукананын ачылышы анын айланасы тосулуп, жашылдандыруу иштери бүткөндө, тагыраагы оорукана январдын соңунда пайдаланууга берилет деп ишендирген.

Бирок январдын аягында оорукананын ачылышы болгон эмес. Мэриядагылар анын себебин 12-февралда оорукананы өткөрүп алуу иштери жүрүп жатканы менен түшүндүрүштү.

«Ооба, оорукананын ачылышы бир аз кармалып жатат. Куруп берди деп эптеп эле өткөрүп албай, учурда ар бир майда-баратына чейин карап жатабыз. Анткени бул чоң каражатка салынган бейтапкана да», — деди Азамат Абсаттаров.

Басма сөз катчы оорукана февралдын соңунда пайдаланууга берилет деп айтты.

Шаардык клиникалык ооруканасынын башчысы Шаятбек Абдырахманов заманбап бейтапканадагы аппараттарды кабыл алуу иштери бир жуманын ичинде аяктаарын маалымдады.

«Техникалык кабыл алуу деп коёт. Учурда ар бир аппаратты иштетип, текшерип алып жатабыз. Өрт тосмосунун өзү эле 75 даана экен, анын ар бирин иштетип көрүүдөбүз», — деди Абдырахманов.

Үч кабаттуу заманбап оорукана күн сайын 200дөй кишини кабыл алып, 150гө жакын оорулууну жатак орун менен камсыздай алат. Имарат административдик, амбулатордук жана стационардык бөлүктөн турат.

2016-жылдын октябрында Ош шаарындагы Ак-Тилек кичирайонуна жаңы оорукана салына баштаган. Бейтапканын курулушун Кытай Эл Республикасы каржылап, ага гранттык негизде болжолдуу 1 млрд 830 млн сом (181 миллион юань) бөлгөн. Долбоорго ылайык курулуш иштери толугу менен 2018-жылдын май айында жыйынтыкталмак.

Редактору: Гүлжан Эшбаева