ЖМКлар Момбеков УКМКга чакырылганын кабарлашты. Атайын кызмат муну четке какты

«Калыс Медиа» басылмасы өз маалымат булактарына таянып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) парламенттин депутаты Рыскелди Момбековду суракка чакырганын билдирди.

УКМКдан бул маалыматты четке кагышты. Алардын маалыматы боюнча, депутат Момбеков чындыгында эле УКМКга келген, бирок бул атайын кызматтын төрагасы Идрис Кадыркулов менен «жумушчу жолугушуу» болгон.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Момбеков менен Кадыркуловдун ортосундагы маек тууралуу ачыктаган жок.

«Калыс Медианын» маалыматы боюнча, Момбековду суракка чакырууга анын Бишкектеги «ТЭЦ-2» жаңы конушунун тургундары менен болгон жолугушуусу себеп болгон. Тургундар менен жолугушуу учурунда депутат аталган аймактагы үйлөрдү сүрдүрүү мыйзамсыз экендиги жөнүндө маселени көтөргөн.

«Биздин өкмөт мынчалык наадандыкка барбашы керек. Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрүп сала албайт, миң киши чыкса кайра бийликтин үйүн сүрдүрүп салышы мүмкүн. Өкмөт мындагылардын документин мыйзамдаштырып бериши керек», — деп билдирген Момбеков жолугушууда.

Материал жарык көрөөр алдында Момбеков өзү да, анын жардамчысы да комментарийлер үчүн жеткиликсиз болушту.