КСДП өзүн расмий түрдө оппозиция деп жарыялады

Азыр экс-президент Алмазбек Атамбаев социал-демократтардын төрагасы болуп саналат

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева партия расмий түрдө учурдагы бийликтин оппозициясына кеткенин «Клоопко» билдирди.

«Биз эми [КСДП] — оппозициялык маанайдагы партия экенин расмий айтабыз. Биз эми алтернативдүү нерселерди сунуштай алабыз жана бийликти ачык сындап чыга алабыз», — деди Жолдубаева.

Билдирүү экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болду. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоого Атамбаевдин колдоосунун астында КСДПнын атынан талапкерлигин койгон.

Атамбаев өзү Жээнбековду коррупция менен начар күрөшүүдө жана ал өз иниси, парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековдун жардамы менен «үй-бүлөлүк башкаруу» түзүп жатат деп бир нече жолу сындаган.

Экс-президент Жээнбековду коррупция боюнча шектелип аткан бажы кызматынын орун басары Райымбек Матраимов менен «дос» деп айыптаган.

Ал эми Жээнбеков буга карата жооп ирээтинде «кландык башкарууга жол бербестигин» жана коррупцияга каршы күрөштү улантаарын билдирген. Жээнбековдун учурунда жогорку кызматтарды ээлеген Атамбаевдин дээрлик бардык үзөңгүлөштөру коррупция боюнча айыпталышкан.

Мурдагы эки үзөңгүлөштөрдүн араздашынан улам социал-демократтардын партиясы жаат-жаатка бөлүнүп кеткен: кээ бири Атамбаевди колдошсо, дагы башкалары — парламенттеги фракция жүзүндө жарым-жартылай учурдагы президентти колдошот.

КСДП — 1993-жылы түзүлгөн Кыргызстандын байыркы саясий партияларынын бири. Экс-президент Алмазбек Атамбаев анын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.