Дүйнөгө таанымал Got Talent шоусу Борбор Азияда старт алды

Казакстандын «Хабар» агенттиги Central Asia’s Got Talent (Борбор Азия таланттарды издейт) программасын баштады. Азыр сынакка катышуу үчүн кастинг өтүүдө. Бул долбоор бүткүл дүйнөгө таанымал Got Talent программасынын франшизасы болуп саналат.

Central Asia’s Got Talent беш этаптан турат — алар кастинг, катышуучуларды угуунун ачылышы, чейрек финал, жарым финал жана гранд финал. Долбоордун уюштуруучулары шоунун жеңүүчүсүнө 10 миллион теңге (26 миң доллар) байгесин убадалашууда.

«Шоунун жеңүүчүсүнөн тышкары, ар бир өлкөнүн чемпиону аныкталып, алар да акчалай сыйлыктарга ээ болушат», — деп айтылат уюштуруучулардын катында.

Central Asia’s Got Talent төрт өлкөнүн төмөнкү телеканалдарында түз алып көрсөтүлөт: Казакстанда «Хабар», Өзбекстанда «Zoʻr TV», Кыргызстанда КТРК жана Тажикстанда «ТВ Сафине» каналында. Катышуунун шарттары тууралуу долбоордун сайтынан кененирээк окусаңыз болот.

Уюштуруучулардын айтымында, Central Asia’s Got Talent шоусунун бет ачары 2019-жылдын сентябрында төрт өлкөдө пландалган. Шоунун гранд финалы 2019-жылдын декабрында өтөт.

Мурда Кыргызстандан чыккан катышуучулар Got Talent шоусуна башка өлкөлөрдө катышкан. Айтсак, 2016-жылдын май айында Атай Өмүрзаков менен анын «Тумар» тобу Britain's Got Talent шоусунун жарым финалына өтүшкөн. Дагы бир «Адем» бий тобу 2017-жылы Asia’s Got Talent сынагынын финалына жеткен.

Got Talent — бул британиялык Fremantle компаниясынын таланттар шоусунун телевизиондук форматы. Алгач телесынак 2006-жылы АКШда America’s Got Talent аты менен көрсөтүлө баштаган. Ушул форматтагы берүүлөр 70тен ашуун өлкөдө чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Атай Өмүрзаковдун бий тобу «Британия таланттарды издейт» шоусунун жарым финалына өттү

«Asia’s Got Talent»: «Адем» тобу өнөр сынагынын финалына өттү