Экс-премьер Исаков өз кылмыш ишин Жээнбековдун «саясий буюртмасы» деп атады

Экс-премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Бексултан Абубакир / RFE / RL

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кайрылуу жасап, кылмыш иши боюнча куугунтукталып жатканын президент Сооронбай Жээнбековдун «саясий буюртмасы» деп атады. Ошондой эле ал Бишкек ЖЭБиндеги авария иши боюнча айыпталгандардын күнөөлөрү жок деп айтты.

Исаковдун билдирүүсүн 9-апрелде Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы таратты. Экс-премьер-министр КСДПнын саясий кеңешинин курамына кирет.

«ЖЭБдеги кыйроого чыныгы күнөөкөр адамдар жана ЖЭБди 2017-2018 – жылдагы күз-кыш сезонуна даярдаган [...] адамдар айыптоолорго жамынып алышып, Президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын “кеңешчи сөрөйлөрүнүн” саясий буюртмасын аткарышууда», — деп жазган Исаков.

Ошондой эле ал ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция тууралуу иш боюнча айыпталып жаткан экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жана башка экс-аткаминерлердин «күнөөлөрү жоктугун» айтып, тергөө бир да далил таба албай койгонун кошумчалады.

Экс-премьердин айтымында, өкмөт анын жетекчилиги алдында авариянын бардык кесепеттерин жоюп, ошону менен Сооронбай Жээнбековдун мурдагы өкмөтүн колдогон.

«Биз 2017-жылдын дээрлик сентябрына чейин иштеген жана 2017-2018 – жылдардагы күзгү–кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча негизги иштерди аягына чыгарууга милдеттүү болгон Сооронбай Жээнбековдун мурунку өкмөтүн күнөөлүү деп “түртө” салган жокпуз», — деп билдирди Исаков.

Исаковдун ою боюнча, коомдун көңүлүн Жээнбековдун өкмөтүнүн ишиндеги кемчиликтерден буруу үчүн атайылап ЖМКлар аркылуу кытайлык TBEA компаниясы менен болгон келишимдеги бузуулар тууралуу жаңылык жайылтылган.

Сапар Исаков 2017-жылдын августунан тарта 2018-жылдын апрелине дейре премьер-министр болуп иштеген. Өкмөт башчылык кызматка ал 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып кеткен Сооронбай Жээнбековдун ордуна келген.

Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбеков менен урушуп кеткен соң өкмөт башчылык кызматтан алынган. Ал эми 2018-жылы июнда Исаковго ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол учурдан тарта экс-премьер-министр УКМКнын тергөө изоляторунда кармалууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мамлекетке келтирилген көп миллиондогон зыян жана 50 томдук кылмыш иш. Сапар Исаковго кандай айып тагылууда?