Бишкек ЖЭБи. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

10-апрелде Свердлов райсотунун отурумунда прокурорлор Кытайдын ТВЕА компаниясы аткарган Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция тууралуу иши боюнча соттолуп жаткандардын дарегине айыптарды угузушту.

Айыпталуучулар орундугунда экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдиңдин» экс-башчысы Айбек Калиев жана башкалар. «Клооптон» айыптардын супер кыска баяндамасы.

Исаков эмнеде айыпталууда?

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик (ӨИИБА) 2010-жылы Бишкек ЖЭБди жаңыртуу үчүн инвестор тандап жаткан. Анда жылуулук борборун жаңыртууга Дүйнөлүк банктан 150 млн жана Кытайдын ТВЕА компаниясынан 200 млн долларга бааланган эки сунуш түшкөн. Ал учурда Дүйнөлүк банк тандалып алынып, бирок борбордук агенттик жоюлуп кетип сүйлөшүүлөр тоңдурулуп калган. Исаков ӨИИБАда иштегендиктен, бул тууралуу билген.

2013-жылы Исаков президенттик администрацияга иштөөгө өтүп, «өзүнүн шериктештери менен кошо» Кыргызстан үчүн ТВЕА компаниясы менен 386 млн долларга пайдасыз келишим түзүүгө жетишкен.

Артыкбаев эмнеде айыпталууда?

2013-жылы мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Исаковдун тапшырмасы боюнча Кытайдын Эксимбанкы жана Кыргызстандын каржы министрлигинин ортосунда Кытай компаниясы менен келишимди жактыруу жөнүндө долбоорду даярдаган. Андан кийин ал экономика министрлигинен, каржы министрлигинен жана ТИМден эскертүү алган, бирок аларды этибарга албай койгон. Артыкбаев эскертүүлөрдү жойбостон долбоорду өкмөткө киргизген.

Сатыбалдиев эмнеде айыпталууда?

Ошол учурда өкмөт башчы болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин жана экономикалык натыйжалуулугунун баасы жок экенин билип туруп келишимди жактырып, каржы министрлигине ага кол коюуга тапшырган.

Лаврова эмнеде айыпталууда?

Ольга Лаврова 2013-жылы 11-сентябрда каржы министри болуп турган кезде Эксимбанк менен насыя келишимине кол койгон, андан кийин Кыргызстан 20 жылга, жылдыгы 2 пайызды түзгөн 386 млн доллар насыя алган.

Кийинчерээк Сатыбалдиев келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюп, аны парламенттин кароосуна жөнөткөн. Ал жактан Артыкбаев менен «Электр станциялардын» ошол учурдагы башкы директору Салайдин Авазов депутаттарды керектүү документтер иш процессинде даяр болот деп ынандырышкан.

Ошондой эле аткаминерлер эгер макулдашууну ратификация кылынбаса, кытайлык тарап долбоорду каржылоодон баш тартышы мүмкүн деп коркутушкан депутаттарды.

Лаврова 2014-жылы 25-апрелде каржы министрлигинин атынан 386 млн доллар «Электр станциялар» мамишканасына өткөрүлүп берген келишим түзгөн. Ошол эле маалда ал процессуалдык ченемдерди одоно бузган.

Башка фигуранттардан айырмаланып, Лаврованы коррупцияга эмес, ыйгарым укугун кыянаттык менен пайдалангандыгында гана айыпташкан. Калгандары УКМКнын тергөө изоляторунда болсо, ал үй камагында отурат.

Калиев эмнеде айыпталууда?

Улуттук энергохолдиңдин мурдагы башчысы Айбек Калиев акчалардын изин жашырууга айыпталууда. Тергөө ал жана Сапар Исаков 2018-жылдын 22-январында сүрөмөлөө үчүн сый акы катары Кытайдын ТВЕА компаниясынан «Тойота Лэндкурзер Прадо 150» үлгүсүндөгү автоунааларды алышкан деп эсептейт.

Машинанын базар баасы 24 миң доллар. Мындан кийин Калиев машинаны бир нече жолу аны менен бириккен адамдарга кайра каттатып, андан кийин сатып, ошону менен кылмыштуу акчалардын изин жашырган.

Контекст: Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин 2018-жылы январда жылуулук борборунда чыккан авариядан кийин козгогон. Ал учурда Сапар Исаков премьер-министр болуп турган.

Ал эми Исаков өзү авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө эмес, эски корпустарында чыккан деп бир нече жолу айткан. Бирок депутаттар комиссия түзүп, жылуулук борборунун модернизациясы кандай өткөнүн текшеришкен. Иликтөөдөн кийин алар жаңыртуунун баасы кымбаттатылган деген корутунду чыгарышып, материалдардын бардыгын укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

Исаков жана аны колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаев айыптар «негизсиз» тагылган, ал эми иш «саясий жүйөөлөнгөн» деп эсептешет. Алар билдиришкендей, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мындай жол менен өз атаандаштарына кысым көрсөтүүдө.