OCCRP үчүн Эдин Пашовичтин иллюстрациясы

Кыргызстандын атайын кызматтары мурдагы жана учурдагы аткаминерлердин аракеттерин иликтеп жатышат: алар жаңы биометрикалык паспортторду даярдоого жарыяланган тендерди утуп алган литвалык компаниядан пара алууга шектелишүүдө. «Клооптун» жана OCCRPнин журналисттери тендер процедурасында кеткен мүчүлүштүктөрдү аныкташты.

Кыргызстандын жарандары дүйнөнүн 17 өлкөсүнө гана визасыз саякаттай алышат — бул дүйнө жүзү боюнча эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Жаңы биометрикалык паспортторго өтүү кыргызстандыктар үчүн виза алуу процедурасын жеңилдетиши керек.

Бардык жабдыктарды сатып алып, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуп алгандан кийин Кыргызстандын өкмөтү кийинки кадамга өткөн — жаңы муундагы чет элдик паспортторду киргизүү. Аларды басып чыгарууга жарыяланган тендер өткөн соң, үстүбүздөгү жылдын февралында жеңүүчү жарыяланган.

Бирок конкурсту уткан 940 миллион сомдук билдирме (13,4 млн АКШ доллары) коррупцияга каршы иликтөөнүн чордонуна айланды. Апрелдин башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы жана азыркы аткаминерлер тобун тендерди уткан компаниядан чет жака саякаттоого кеткен чыгымдарын төлөп берүү түрүндө пара алды деп айыптаган.

Иликтөөнүн башкы объектиси — паспортторду берип, тендер жарыялаган Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК). Бул иш боюнча МККнын үч кызматкери кармалган: алардын бири кыргыз ЖМКларынын маалыматына ылайык, жеңүүчүнү тандаган тендердик комиссиянын да башчысы болгон, бирок муну расмий эч ким тастыктай элек.

«Клооптун» жана Босниянын журналисттик иликтөөлөр борборунун (OCCRP) журналисттери тендер процедураларын, МККнын аракеттерин, анын ичинде конкурста утуп чыккан литвалык Garsu Pasaulis («Гарсу Пасаулис») компаниясынын тарыхын дыкат иликтеп чыкты.

Атайын кызмат айтып жаткан коррупциянын орун алып-албаганына карабастан, ондогон тендердик документтердин талдоосу «Гарсу Пасаулис» компаниясынын билдирмеси тендердик комиссиянын мүчөлөрү тарабынан өтө үстүртөн эле каралганын көрсөткөн. Өз кезегинде комиссиянын курамы негизинен МККнын аткаминерлеринен турган.

Комиссия «Гарсу Пасаулис» айрым талаптарга жооп бербегенине, ошол эле учурда анын башкы атаандашын бирдей эле туура келбестиктер үчүн четтетип салышканына көз жумуп койгон. Андан тышкары, комиссия литвалык компанияны эмнегедир квалификациялык талаптарга кошпой, маанилүү бир параметрлер боюнча текшербей коюшкан. Эгер бул болгондо, литвалык компания таптакыр эле тендерге катыша албай калмак.

Ошондой эле документтер көрсөтүп тургандай, «Гарсу Пасаулис» менен келишим түзүү Кыргызстандын жарандары үчүн паспортторго болгон баанын жогорулашына алып келмек.

Журналисттер «Гарсу Пасаулистин» ээлерин да текшеришкен — компанияны жана Бельгиянын жаранын. Экөө тең Конго Демократиялык Республикасындагы паспортторду жасоодо жана Комор аралдарындагы документтерди мыйзамсыз сатуудагы коррупция тууралуу иликтөөлөрдө фигурант катары өтүшүүдө.

«Гарсу Пасаулистин» директору Анна Янаускене кыргыз аткаминерлерине пара бергенин четке какканы менен анын компаниясы саякаттоо үчүн төлөгөнүн — бул бизнес сапарлар боло алмак деп болжолдогонун мойнуна алды.

«Бул болжол менен 2015 же 2016-жылы болгон жана [...] бул тендерге таптакыр байланыштуу эмес», — деп айтты ал журналисттерге курган маегинде.

МККнын өзгөрүлмө позициясы

Алгач, журналисттер менен сүйлөшүү учурунда МККнын басма сөз катчысы Элзат Кыдырмышева анын ведомствосунда «мурда “Гарсу Пасаулис” менен расмий байланыштары болгон эмес» жана алардын кийинки кыймыл-аракеттери «укук коргоо органдарынын сунуштоолорунан» көз каранды болот деп гана айткан.

Ведомствонун позициясы кыргыз ЖМКларында МККнын кызматкерлеринин кармалышы чуулгандуу ызы-чууга алып келгенден кийин 15-апрелге карата өзгөрүп кеткен.

МКК 17-апрелге карата пресс-релизинде «Гарсу Пасаулистин» тендердик билдирмесинин мөөнөтү 2-апрелде аяктаганын жана келишимге кол коюлбагандыктан тендер өтпөгөн деп таанылып, эч кандай «экономикалык зыян» келтирилбегенин айта баштаган. (Ошондой эле пресс-релизде «көз карандысыз аудит» жана тендерлерге даттанууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын текшерүүсү конкурс өткөрүү процедураларынан бузууларды таппаганы да айтылат).

Журналисттердин тендердик документтердин көз карандысыз текшерүүлөрү көрсөткөндөй, чындыгында тендердик билдирменин мөөнөтү февралдын аягында эле бүтмөк. Кыдырмышеванын айтымында, немис жана француз компаниялары тендердин өтүшүнө даттанышкандан кийин билдирмени апрелдин башына чейин созушкан. Эмне үчүн билдирменин мөөнөтүнүн бүтүшү тууралуу маселени ушул жумага чейин эч ким көтөрүп чыкпаганы белгисиз.


Маселелүү тендердик комиссия

Паспорттордун бланктарын сатып алуу тендери боюнча катышуучулардын билдирмелерин караган тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн өздөрү да кемчиликсиз болуп чыгышкан жок.

Комиссия 11 адамдан турган, алардын ичинен жетөөсү — МККнын кызматкерлери. Алардын төртөөсү күнүмдүк жумушунда процедураларды бузушкан, айрымдары 2017-жылы расмий сөгүш же эскертүү алышкан.

ЖМКлардын маалыматтарына караганда, комиссия мүчөлөрүнүн бирөөсү айрым райондордун тургундарына берилүүчү жогорулатылган пенсияны алуу максатында өзүнүн паспортундагы дарегин жасалмалаган. Башка бирөөсү өз департаментинде коррупцияга каршы чаралардын иштешин камсыздай албагандыгы үчүн сөгүш алган.

МКК ведомствонун сөгүш же эскертүү угуккан кызматкерлеринин эреже бузууларынын деталдары тууралуу маалымат берүү жөнүндө сурамга жооп берген жок.

Жаңы паспорттун барактарынын дизайнынын үлгүлөрү. Сүрөт: Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы

Бир катышуучунун убайы үчүн

Паспорттордун бланктарын сатып алуу тендерин 2018-жылдын октябрында жарыялашкан. Ал тендерге алты чет элдик компания катышкан.

Алардын үчөөсү кээ бир талаптарга ылайык келбегендиги үчүн тендердик комиссия тарабынан конкурстан четтетилген. «Гарсу Пасаулис» паспортторду жасоого жарыяланган баасын төмөн көрсөткөнү үчүн башка атаандашы француз IDEMIAFrance («Идемия Франс») компаниясын артта калтырган.

Бирок журналисттер жүргүзгөн талдоо тендердин катышуучуларына окшош эле критерийлер колдонулганын көрсөтүп турат. Негизинен «Гарсу Пасаулис» да талаптарга туура келген эмес, бирок ал тандоо элегинен өтүп кете алган.

Тендердин катышуучуларынын бардыгы билдирмесинде жок эле дегенде эки ийгиликтүү долбоорду жана соңку беш жыл ичинде жок эле дегенде эки миллион паспорт чыгарганы тууралуу маалыматтарды бериши керек болчу — бул компаниялардын тажрыйбасын баалоо боюнча маанилүү критерийлердин бири болгон. Ал маалыматтарды тастыктоо үчүн катышуучулар келишимдеринин, кабылдоо-өткөрүү актыларынын жана сунуштама каттарынын көчүрмөлөрүн берүүлөрү керек болчу.

«Идемия Франс» кабыл алуу-өткөрүү актты өзүнүн келишимдеринин бири боюнча гана берген. Анын чыгарган документтеринин жалпы саны эки миллионго жеткен эмес жана бул үчүн компанияны дисквалификациялаш керек эле.

Мындан тышкары, «Идемия Франс» өзүнүн билдирмесине толук документацияны тиркебей, аткарылган контракттардын үзүндүлөрүн гана берген. Конкурстун шарттары боюнча документтерде болушу керек болгон деталдарды ал жактан алып салышкан, мисалы, паспорттордун бланктарынын саны жана келишимдердин баалары.

Тендердин дагы бир катышуучусу, Mühlbauer ID Services GmbH («Мюльбауэр») немис компаниясы жалпы-жонунан эки миллиондон ашуун паспорт чыгарганын билдирип, бул үчүн Босния жана Тажикстандан тастыктоо катын берген. Бирок ал конкурстун талаптарына ылайык, билдирмеге келишимдерин тиркеген эмес.

«Идемия Франска» караганда немис компаниясы тендердин башка катышуучулары үчүн коркунуч жараткан атаандаш болгон, себеби кыргыз паспортторун жасоого эң эле төмөн баа сунуштаган. Бирок документтердин жоктугу үчүн аны баары бир конкурстан алып коюшкан.

«Алар өздөрүнүн [билдирмени четке кагуу] чечимин түшүндүрүү үчүн жөн гана илинчек издешкен», — деп айтып берди «Мюльбауэрдин» сатуу боюнча менежери Шандор Ковтун OCCRPге курган маегинде. Немис компаниясынын ою боюнча, ал ачыкка чыгарбоо жөнүндө макулдашуунун айынан бере албай калган келишимдердин жоктугун компенсациялаш үчүн бардык керектүү документтерди берген.

Бирок билдирменин критерийлерине утуп чыккан компания да дал келбей калган. «Гарсу Пасаулис» керектүү документтердин бардыгын тапшырганы менен ал соңку беш жыл ичинде чыгарган паспортторунун саны эки миллиондон ашпай калган. Бул критерийге туура келиш үчүн литвалык компания керектүү деп айтылгандардан тышкары, эскирээк документтерди тиркеген — бул эреже бузууну тендердик комиссиянын мүчөлөрү көңүл сыртында калтырышкан.


Жеңилдетилген талаптар

«Гарсу Пасаулис» өзүнүн тендерге катышуу билдирмесинде электрондук паспортторду жасоодогу дагы бир маанилүү тажрыйбасын көрсөткөн эмес. Кыргызстандын жаңы паспортторунда персоналдык маалыматтар көрсөтүлгөн барак кадимки кагазга караганда пайдаланууда мөөнөтү узак болушу үчүн бышык поликарбонаттан жасалышы керек.

Бирок, тендерге болгон техникалык талаптарында бул материалдарды жаңы паспорттордо колдонуу тууралуу жазылганына карабастан, МКК ийгиликтүү катышуучу паспорттордун бланктарын поликарбонаттык барак менен жасоо тажрыйбасына ээ болушу керектигин эч тактаган эмес.

Эгер барак поликарбонаттан болушу керек деген талап болгондо, анда «Гарсу Пасаулис» аталган талапка ылайык келе албай калмак. Поликарбонат «Гарсу Пасаулис» көрсөткөн долбоорлордун бирөөсүндө гана колдонулган.


«Гарсу Пасаулистин» жеңишинен кийин «Мюльбауэр» да, «Идемия Франс» да тендерге болгон даттанууларды карап чыгуу боюнча көз карандысыз комиссияга арыз беришкен, бирок алардын бирин да канааттандырышкан эмес.

«Мюльбауэрдин» Шандор Ковтун «Клооптун» жана OCCRPнин журналисттерине билдиргендей, ийгиликсиз болуп калган даттануудан кийин анын компаниясы МККны «тендерден легитимсиз четтеткени» үчүн сотко берген.

«Идемия Франс» башка арызында комиссиянын көңүлүн «Гарсу Пасаулисте» Бельгиянын мыйзамы менен маселелери бар экендигине бурдурууга аракет кылган. Компания арызга белгиялык иликтөө тууралуу жаңылык материалдарга шилтемелерди тиркегени менен комиссия аларды канааттандыруудан баш тарткан.

Тендерлерге даттанууларды кароо боюнча комиссиянын мүчөсү Нурипа Муканова алар арыз берүүчүлөрдүн кошумча маалыматтарын эмес, тендердик комиссиянын гана документтерин карай алышаарын журналисттерге айтты.


Бөлөк ийгиликтүү тендер

Паспорттордун бланктарын жеткирүү тендериндеги жеңиши «Гарсу Пасаулистин» Кыргызстандагы биринчи ийгилиги эмес. Компания буга чейин тамеки продукциясы менен алкоголдор үчүн акциздик белгилерди өндүрүү боюнча эки тендерди утканы бар.

Алардын ичинен 2016-жылы өткөн акыркысы да суроолорду жараткан.

Өкмөттүн отчётуна ылайык, Гарсу Пасаулистин бул тендер боюнча коюму 16,8 млн доллар болгон. Бирок алардын башка эки атаандашы салыштырмалуу төмөн коюмдарды сунушташкан, бирок эки сунуш тең четке кагылган: бирөөсү техникалык талаптарга жооп бербегени үчүн, экинчиси — документтердин түп нускаларын жана акциздик белгилердин үлгүлөрүн бербей коюшканы үчүн.


«Гарсу Пасаулистин» ээси: пара алуулардын тарыхы

Алардын веб-сайтына ылайык, «Гарсу Пасаулис» — бул литвалык эң чоң жана заманбап басмаканалардын бири.

2014-жылдан тарта компанияга Бельгиянын Альберт Каразиван аттуу жараны менен ал башкарган жарым-жартылай ага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык Semlex Europe ишканасы ээлик кылат.

«Рейтерc» маалыматтык агенттигинин материалдарына ылайык, Semlex Europe («Семлекс Европа») компаниясы 2017-жылдын башында Бельгиянын укук коргоо органдарынын көңүлүн бурдурган. (Прокуратура иликтөө жүргүзүп атканын жашырып да, анын чоо-жайы менен фигуранттарын ачыктаган да жок).

«Рейтерcтин» маалыматына ылайык, «Семлекс» компаниясы Конго Демократиялык Республикасы (КДР) менен күмөндүү келишим түзгөндүгү тууралуу материалдар жарыялангандан кийин 2018-жылдын январында компаниянын штаб-квартирасында тинтүү жүргүзүлгөн. КДРдин келишиминин үчтөн бир бөлүгү ошол маалда аталган өлкөнүн президенти болуп турган Жозеф Кабиланын туугандарына таандык офшордук компаниянын эсептерине которулган.

Андан тышкары, «Семлекстин» ишмердиги Комор аралдарынын парламенттик комиссиясынын көңүлүн бурдурган — арал өлкөсүнүн депутаттары башка өлкөлөрдө да кылмыштарга шектелип жаткан бул компанияны комордук паспортторду чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз сатууга шектешүүдө.

«Семлекс» компаниясынын топторунун тарыхын изилдеп жатып «Рейтерс» компания мамлекеттик келишимдекрди тендерсиз, кээде саясий байланыштардын арты менен утуп жатканын аныктаган. Мисалы, «Рейтерстин» маалыматына ылайык, 2006-жылы «Семлекс» бул батыш африкалык өлкөсүнүн корго министрине акча төлөгөндөн кийин Гвинея-Биссауда паспортторду, визаларды, айди карточкаларды жана туруктуу жашоого күбөлүктөрүн бастыруу келишимн уткан.


Кыргызстанда байланыштары бар өнөктөш

Кыргызстанда «Гарсу Пасаулистин» маанилүү байланыштары бар. Компаниянын Кыргызстандагы туундуу ишканасынын башчысы Уран Тынаев экс-тышкы иштер министри жана учурдагы Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин баласы Беккул Жекшенкулов менен бирге Бишкекте клиника ачкан жергиликтүү бизнесмен. Жекшенкуловдун баласы башка компанияны жетектейт, анын түзүүчүсү МККнын мурдагы башчысы Бектур Абдраев.

«Гарсу Пасаулистин» директору Янаускененин айтымында, Жекшенкуловдордун үй-бүлөсү тууралуу эч качан уккан эмес.


«Гарсу Пасаулистин» директору Янаускене өз ээлеринин бири болгон «Семлекс» компаниясына каршы айыптоолорду четке каккан. «Бул атаандаштар тараптан буюртмаланган таптакыр негизсиз макалалар болчу», — деди ал.

Жөнөкөй жарандар төлөшөт

Кыргыз паспортунун толук баасы өлкө жарандарынын чөнтөгүнө жүктөлгөндүктөн, «Гарсу Пасаулис» менен эгер келишим түзүлө турган болсо алар канча акча төлөгөө аргасыз болушмак экенин эсептеп койсо болот. Жаңы паспорт азыркыга караганда бир кыйла кымбатка түшмөк.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары жаңы чет мамлекеттик паспорт алуу үчүн 590 сом (8,5 АКШ доллары) төлөшү керек — бул өлкөдөгү орто эсеп менен бир күндүк эмгек акысынан көп. «Гарсу Пасаулис» паспорттун алгачкы баасын 585 сом (8,4 АКШ доллары) деп сунуштаган, бирок бул баага паспорт үчүн бош китепче гана алынмак. Ал эми персоналдаштыруу жана транспорттук чыгымдарга болгон баалар аталган суммага кошулган эмес.

Салыштыруу үчүн немис «Мюльбауэр» компаниясы өз билдирмесинде паспорттор үчүн бош китепчелердин бир экземплярын 420 сомдон өндүрүүнү сунуштаган.

Санариптешүүгө карай татаал жол

Кыргызстан жакыр экенине карабастан өзүнүн борбор азиялык кошуналарына караганда демократия өкүм сүргөн өлкө. Кыргыз бийлиги ар бир жерде жүргөн коррупциядан арылып, ачык-айкындык менен отчёттуулукту жогорулатуу үчүн санарип трансформацияга бир топ акча салган.

Бирок биометрикалык паспортторго байланыштуу чуу — өлкөнүн санариптешүүгө карата жолундагы биринчи эле дөң эмес.

Мамлекет өзүнүн расмий документтерин санариптештирүүнү баштап, жарандар үчүн электрондук өкмөт кызматын киргизген чакта мамлекеттик мекемелердин көпчүлүгү дагы деле санарип доорго өтүп, өз маалыматтарын жалпыга жеткиликтүү кылыша элек.

Кыргызстандын тургундарынын биометрикалык паспортторун чогултуу жаңы үлгүдөгү паспортторду чыгарууга мүмкүндү берет, андан тышкары, шайлоолордо мыйзам бузуулар менен күрөшүүгө жардам берип жатат, бирок бул процедура да өлкөдө көйгөйсүз өткөн эмес.

Көп өтпөй, 2014-жылдын августунда биометрика чогултула башталганда жарандар маалыматтарды чогултуу түйүндөрүнүн бардыгында эле керектүү жабдуулар болбогонун аныкташкан.

Кийинки жыл ичинде Кыргызстанда биометрикалык маалыматтар чогултулган эки ноутбук, USB-флешка жоголгон же уурдалган. Бийлик бул түзмөктөрдө эч кимдин биометрикалык маалыматтары болгон эмес деп ырастаган.

Андан тышкары, жашоочулардын көпчүлүгү өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшыргылары келген эмес. Муну болсо башында бийлик мыйзам боюнча милдеттүү кылып койгон. Укук коргоочулар маалымат тапшыруу өлкөнүн Конституциясында жазылган жекелик жөнүндө талапты бузат деп билдиришкен. Жарандар 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон баштап, бардык шайлоолордо добуш берүү укугуна ээ болуу үчүн биометрика тапшыруулары керек болчу. Жарандардын жаңы айди-карталары бир гана биометрикалык боло алат.

Кыргызстандыктар 2017-жылдагы президенттик шайлоодо добуш берип жатышат. Сүрөт: Даниль Усманов / Kloop.kg 

Маалыматтардын коопсуздугу оор маселе боюнча калууда. 2017-жылдын октябрь айында «Клооптун» журналистери МККнын сервери президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековго артыкчылык берүү үчүн пайдаланылганын аныкташкан.

Серверде «Самара» аттуу маалыматтарды башкаруу системасы жайгашып, анда шайлоочулардын тизмеси түзүлүп жана алардын каалоолору жазылып турган.

Бийлик бүгүнкү күнгө чейин бул система МККнын серверлеринде жайгашканын четке кагып келет. Сооронбай Жээнбеков ошол шайлоодо жеңишке жеткен.

Авторлоштору: Шарунас Черняускас,

Елтер Мейерс,

Карина Шедрофски