Шаикова МККнын жетекчилик кызматынан бошотулду

Алина Шаикова. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Алина Шаикованы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Шаикованын кызматтан бошотулушунун себептери азырынча белгисиз. Ал МККны 2018-жылы жетектей баштаган. Бул кызматка ал Дастан Догоевдин ордуна келген.

Бул кызматка анын ордуна буга чейин Балыкчы шаарынын мэрлик кызматын аркалаган Алмаз Мамбетов дайындалды.

Аткаминерди чет мамлекеттик биометрикалык паспортторду сатып алууга жарыяланган тендерге байланыштуу чуунун шартында кызматтан бошотушту.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

УКМКнын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген. Атайын кызмат келтирилген зыянды 253 млн сомго баалаган.

МККнын аткаминерлери Garsu Pasaulis компаниясы менен «байланышы бар» деген айып менен 16-апрелде кармалышкан.

МКК ведомствонун кызматкерлери «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» иш-аракет кылышкан деп билдирген. Ошондой эле МККдагылар Garsu Pasaulis компаниясы менен келишим түзүлбөгөндүктөн, мамлекетке экономикалык зыян келтирилген эмес деп эсептешет.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.