Баары «КТ Мобайлды», кызматкерлердин маяналарын жана өкмөт башчысын талкуулашууда. Түшүндүрөбүз

«КТ Мобайлдын» басма сөз жыйыны. Сүрөт: «Тазабек»

Деги эле «КТ Мобайл» деген эмне?

Мамлекеттик «КТ Мобайл» мобилдик байланыш оператору — бул «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунун туунду ишканасы. Ал 2003-жылы түзүлгөн.

Ошол убакта эле компания лицензия жана уюк байланыш үчүн жыштыктарды алган. 2018-жылы компания өзүнчө уюк оператору болгусу келген жана бул үчүн бөлөк, «Мегаком» мамкомпаниясы менен бириккен.

Жарым жыл мурда «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык, «Мегаком» өнөктөшүнө жыштыктарды колдонуу үчүн 345 млн сом бериши керек болгон. Бул акчалардын эсебинен «КТ Мобайл» уюк байланыш базарына чыккысы келген. Бирок кийинчерээк эки мамлекеттик компаниянын ортосунда келишпестиктер жаралган.

Бирок эмне үчүн күтүүсүз жерден эле «КТ Мобайл» тууралуу сөз кыла башташты?

Май айынын ортосунда коомдук тармактарда «КТ Мобайлдын» жетекчилигинин маяналары жазылган болушу ыктымал кагаздын сүрөтү пайда болгон.

Бул сүрөткө ылайык, компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетов айына 350 миң сом, ал эми орун басары Эрназар Рысалиев (ал Эрназар Иманкадыр уулу) 300 миң сом алып турган.

Ал эми жетекчилик кызматтарды ээлеген башка кызматкерлер 85 миңден 290 миң сомго чейин алып турган ыктымал. Кагаздын этегинде аталган кызматкерлердин маяналары мыйзамсыз жогорулатылганы айтылган.

Компаниядан бул маалыматты «жалган» деп аташты. «Коомдук тармактарда биздин маяналарыбыз тууралуу пайда болгон маалыматты төгүнгө чыгаргым келет. Анын үстүнөн катуу күлдүк», — деп айтты «КТ Мобайлдын» директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу 14-майда болуп өткөн басма сөз жыйында.

Бул жерде премьер-министрдин эмне тиешеси бар?

Ошол эле учурда Эрназар Рысалиев өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын баласы экени тууралуу маалымат пайда болгон. Өкмөт Рысалиев менен Абылгазиевдин ортосунда тууганчылык байланыш бар экенин тастыктаган.

«Бирок Рысалиевдин уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы, ал (Эрназар) кызматтан кетиши керек деп эсептейт», — деп билдиришкен өкмөттөн.

Андан тышкары, өкмөттөн Абылгазиев «мамлекеттик иштерге тууганчылык мамилелерди аралаштырбоо принцибин карманаарын» белгилешти.

Ошондой эле Абылгазиев «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин маяналарын жана компаниянын натыйжалуулугун текшерүүнү тапшырды.

«КТ Мобайл» компаниясынын басма сөз кызматынан Эрназар Рысалиев компанияда 15-майдан бери иштебейт деп билдиришти. Ал кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.