Кулатылган президенттер Акаев менен Бакиев Орусиядагы кыргызстандыктар үчүн ооз ачуу өткөрүштү — ЖМК

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаев 19-май күнү Москва шаарында кыргызстандыктар үчүн ооз ачуу өткөрдү. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасына таянып Kaktus.Media басылмасы жазып чыкты.

Алардын маалыматы боюнча, чакырылган конокторду Акаев аялы Майрам Акаева менен бирге тосуп алган. Жалпысынан Кыргызстандын тунгуч президенти уюштурган ооз ачууга 100гө чукул адам келген.

Мындан тышкары, Кыргызстандын кулатылган экинчи президенти Курманбек Бакиев да кыргызстандыктарды ооз ачууга чакырганы маалым болду. Бул тууралуу Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн жакын тарапташы Аскат Тейит билдирди. Анын айтымында, Бакиев 18-майда Санк-Петербург шаарында 200 адамга ооз ачуу өткөргөн.

«Курманбек Салиевич бул иш-чараларга катышуудан баш тартпаган кыргызстандыктардын бардыгына ыраазы. Жараткан аларга жакшылыктарды берсин [...] Эл ага батасын берди», — деп келтирет Kaktus.Media Тейиттин айткандарын.

Ал Бакиев Москва жана Екатеринбург шаарларында да ооз ачуу өткөрүүнү пландап жатканын жана ал жакка 1000ге чукул адам катышса болоорун кошумчалаган. Бул качкын президенттин Орусияда кыргызстандыктар үчүн өткөрүп жаткан биринчи ифтары эмес.

«Kyrgyztoday kg Кыргызстан бүгүн» басылмасынын YouTube каналында экс-президент уюштурган ооз ачуу тартылган видео жарыяланган. Мындан тышкары, кээ бирөөлөр иш-чара уюштургандыгы үчүн Бакиевге ыраазычылык билдиришкен.

«Курманбек Салиевичке чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ден соолугу чың болсун, ниет кылып ушунча адамдан бата алып атканы — бул да чоң нерсе», — деп билдирди коноктордун бири.

Акаев менен Бакиевдин бийлиги

Аскар Акаев — 2005-жылы 24-мартта Курманбек Бакиев башында турган оппозиция тарабынан кулатылган Кыргызстандын тунгуч президенти. Ал коррупцияга айыпталган үй-бүлөсү менен чогуу Москвага көчүп кеткен жана ошол маалдан бери илиймий ишмердик кылып жүрөт.

Анын ордуна келген Курманбек Бакиев президент болуп калган, бирок ал дагы 2010-жылы апрелде болгон революциянын жүрүшүндө бийлигинен кол жууп калган. Бакиев жана анын айланасындагылар Кыргызстандан качып чыгып кетишкен.

Кыргызстандын Жогорку соту Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, анткени анын буйругу боюнча, күч түзүмдөрү каршылык акциясына чыккандарга каршы курал колдонушкан. Анда аянтта 80ден ашуун адам окко учкан.