Бийлик аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн жеке бала бакчалардын наркынын жарымын төлөп берет

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, 1-июндан тарта Бишкекте мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча социалдык долбоор башталат. Мамлекеттин сунушу боюнча, эгер жеке бала бакча баланы социалдык колдоого муктаж үй-бүлөдөн кабыл алса, мамлекет бала бакчанын көрсөткөн кызматтары үчүн төлөмдөрдүн жарымын өзү каржылайт.

Азыр Билим берүү министрлиги долбоорго катышууга жеке бала бакчалар арасында конкурстук тандап алуу өткөрүүдө.

Министрликке көп балалуу (беш же андан көп) жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр билдирме жөнөтө алышат. Эгер үй-бүлө багуучу адамдан ажырап калса жана ал үй-бүлөнүн кирешеси 12 миң сомдон төмөн болсо, анда ал мамлекеттик жардамга үмүт кыла алат. Бул жеңилдиктер ата-энелери I же II топтогу майып болгон жана кирешеси 12 миң сомдон аз болгон балдар үчүн иштейт.

Билдирменин формасы менен керектелген документтердин тизмегин Билим берүү министрлигинин сайтынан тапса болот. Долбоор үч жаштан беш жашка чейинки балдар үчүн арналган.

Статистика боюнча, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү беш баланын бирөөсүнө гана жеткиликтүү. Ага бала бакчалардын жетишсиз болгону себеп. Мамлекеттик бала бакчалар да ашыра толтурулган жана кээ бир үй-бүлөлөргө өз кезегин жылдап күтүүгө туура келет.

Бул маселени чечүү максатында мамлекет 90-жылдары менчиктештирилген бала бакчалардын имараттарын акырындан өзүнө кайтарууда.

Тема боюнча окуңуз: Эмне үчүн балага мектепке чейинки билим берүү маанилүү?