Абылгазиев: Тууганымды «КТ Мобайлга» дайындаган эмесмин

Солдон оңго: Иманкадыр Рысалиев, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Эрназар Рысалиев

Премьер-министр Мухаммедалый Абылгазиев «КТ Мобайл» уюк операторунун ишин жана компаниянын кызматкерлеринин өкмөт башчысы менен тууганчылыгын изилдеп жаткан депутаттык комиссиянын суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, ал 2-майга чейин тууганы Эрназар Рысалиев мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясында иштээрин билген эмес.

«Ал күнү биз компаниялардын өкүлдөрүн чогултканбыз. Ал жака “Мегакомдон” жана “КТ Мобайлдан” келишкен. Ошондо гана чогулушта Эрназар отурганын көргөм. Мен андан бул жерде эмне кылып жүрөсүң деп сураганда ал “КТ Мобайлда” иштээрин айткан. Ал жакта ким болуп иштейсиң деп сураган эмесмин», — деди премьер-министр.

Абылгазиев аны компаниянын директорунун орун басарлыгына дайындабаганын кошумчалады. Кийинчерээк премьер-министр Рысалиевди жумушка «КТ Мобайлдын» башкы директору Нурбек Мукамбетов чакырганын аныктаган. Ошондой эле Абылгазиевдин айтымында, «КТ Мобайлда» айлык акыларды койгон эмес.

Премьер-министр билдиргендей, ал өз аппаратынын жетекчисин, анын орун басарын жана Мамбайланыш комитетинин башчысын кызматтан бошоткондугунун себеби — анын бажасы Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу бул аткаминерлер менен жолугуп, «КТ Мобайл» долбоорунун иштеп башташын сүйлөшкөн.

Соңку айда премьер-министрдин айланасында бир нече чуу чыккан, ошондуктан ал коомчулук менен депуттардын сынына кабылган. Алтургай алардын айрымдары «КТ Мобайлдагы» чуунун айынан Абылгазиевдин премьер-министрлик кызматты ээлөөгө «моралдык укугу жок» деп айтып чыгышкан.

Май айынын орто ченинде коомдук тармактарда «КТ Мобайлдын» жетекчилиги айына 350 миң сомго чейин маяна алат делген документтер пайда болгон.

Ошондой эле Эрназар Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу экени белгилүү болгон. Кийинчерээк Рысалиевдердин экөөсү тең отставкага кетишкен.

Чуунун шартында Эрназар Рысалиев төрт айлык маянасын кайтарып берген — дээрлик 800 миң сом.

ТЕМА БОЮНЧА: