Чүй облусунун Орок айылында чыр чыкты — 30 адам кармалды

Маалымат 21:47де жаңыртылды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдагандай, Орок айылында кырдаал туруктуу, окуя болгон жерде милиция жана жергиликтүү бийлик иштеп жатат.

Укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, Орок айылындагы чыр-чатак 8:30да айт намаздан кийин үч өспүрүмдүн ортосунда башталып кеткен. Алардын ичинен экөөсү кайым айтыштуудан кийин үчүнчүсүнө кол көтөрүшүп, ал денесинен жаракат алган.

Ошондон кийин айылда эки топ жаралып, алардын бирөөсү кол салгандардын үй-бүлөсүн айылдан көчүп кетүүнү талап кылышкан.

«[Жабырлануучунун туугандары] айылда укук ченемдеринен тыш иш-аракеттерди жасай башташкан. Натыйжада 15 үйдүн терезеси сынып, чөп жыйнаган жер өрттөнүп кеткен. Бул фактылар боюнча 25-30 адам Сокулук РИИБине жеткирилди», — деп кабарлады Чүй ИИБинин басма сөз катчысы Назира Имангазиева.

Айрым тургундар кагылышты этникалар аралык жаңжал деп аташкан, бирок ИИМ муну улуттар аралык жаңжал катары карабоону суранууда. Орок айылында 340 үй-бүлө жашайт, калктын негизгилерин кыргыздар жана месхетин түрктөрү түзөт.

Окуя болгон жерде милиция, спецназ, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев иш алып барып, андан тышкары Түркиянын элчиси Камил Фырат келген. Элчи жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган.

Милиция өспүрүмгө кол салуу фактысын «Бейбаштык» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.