Милиция КСДПнын мүчөсүн кармады — ал митингге чыгууга үндөгөн плакат кармап турган

Укук коргоочулар 6-июнда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Амантур Жамгырчиевди милиция бөлүмүнө алып барышты. Ал Ош базарынын аймагында 8-июндагы КСДПнын митингине чыгууга үндөгөн плакат менен турган болчу.

«Ал КСДПнын жана “Айкөл Ала-Тоонун” жаш активисттери менен болгон. Бул флешмоб эле. [...] Алар үч-төрт мүнөт турушкан, эч нерсе деп деле сүйлөшкөн эмес, аларды милиция бөлүмүнө алып барышыптыр. Бирок бул алардын тынч чогулуштар менен акцияларга чыгууга болгон конституциялык укуктары да», — деп билдирди «Клоопко» КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Анын айтымында, активисттер милиция бөлүмүндө болжол менен бир сааттай болушкан жана андан кийин аларды коё беришкен.

Posted by Мирбек Айтикеев on Thursday, June 6, 2019

Бишкек БИИБнин басма сөз кызматы материал жарык көрөөр алдында окуяга комментарий берген жок.

Бишкекте 20-июнга чейин шаардын борбордук көчөлөрүндө митингдерди жана тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө чектөө киргизилген. Биринчи май райсоту мындай чечимди 13-16-июндарда Бишкекте өтө турчу Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу чыгарган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдошкон Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү 8-июнда Бишкекте «Форум» имаратынын алдында тынчтык митингин өткөрө тургандыктарын билдиришкен.

КСДП учурда коррупциялык иштер боюнча тергөөдө отурган Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүн, айрыкча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду жана башкаларды эркиндикке чыгарууну талап кылышат.

Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүн экс-президент менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында 2018-жылдын башынан тарта кармап башташкан.

Авторлошу: Айгерим Рыскулбекова