Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) экиге бөлүнүп кетти — биринчи бөлүгү Атамбаевди колдосо, экинчиси Сагынбек Абдрахмановду өзүнүн лидери деп эсептейт.

Кантип мындай болуп калды?

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахмановду төрага кылып 2019-жылдын 3-апрелиндеги партиянын съездинде шайлашкан. Бирок бул съездге экс-президент Алмазбек Атамбаевди өз лидери катары эсептеген партиянын мүчөлөрү келишкен эмес.

Бирок ошол эле кезде, тагыраагы 6-апрелде дагы бир съезд өтүп, анда Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп шайланган.

Кийинчерээк Юстиция министрлиги юридикалык жактардын маалымат базасынан КСДПнын төрагасын Атамбаевден Абдрахмановго алмаштырып, партиянын дарегин өзгөрткөн. Абдрахманов Атамбаевден ага мөөр менен партиянын бардык мүлктөрүн өткөрүп берүүсүн талап кылган, ал эми Атамбаев аны КСДПнын жетекчилигинен чийип салган юстиция министрлигинин кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага арызданган.

Ошондо КСДПны ким жетектейт?

Түшүнүксүз.

Абдрахманов Атамбаев төрага болуп шайланган партиянын съезди мыйзамсыз катары таанылсын деп сотко кайрылган. Сот 7-июнда аныктама чыгарган, ага ылайык, Юстиция министрлигине ведомствонун маалымат базасынан КСДПнын документтерине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынган.

Аны менен кошо, сот маанилүү өзгөчөлүк жазып калтырган — өзгөртүүлөр Абдрахмановдун кайрылуусу боюнча гана киргизилет, ал эми Абдрахмановду болсо сот партиянын «мыйзамдуу шайланган» төрагасы деп атаган. Ошону менен сот КСДПнын лидери деп Сагынбек Абдрахмановду тааныды.

Атамбаев болсо партиянын төрагалык кызматынан кеткен эле, бирок соттун чечиминен улам эмес. Мурдараак президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга кол койгон, ага ылайык, эгер экс-президент саясий ишмердик кылса, ал өз артыкчылыктарынан ажыратылат — өмүр бою камсыздоодон жана сакчыдан. Партиянын башчысы болуп депутат Асел Кодуранова дайындалган.

КСДПнын Атамбаевди колдогон бөлүгү сот мындай чечимди «өйдө жактын буйругу боюнча» чыгарган деп эсептейт.

«Болуп жаткан мыйзамсыздыкты биз бийликтин КСДПга карата уланып жаткан кысымы катары кабыл алабыз. Тоскоолдуктарга карабастан, биз өз акыйкатыбызды бардык мыйзамдуу каражаттар менен коргоого, анын ичинде мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды жоопкерчиликке тартууга жетишүү үчүн чечкиндүүбүз», — деп билдиришти КСДПдан.

КСДП Абдрахмановду партиянын төрагасы деп тааныган судьянын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн Судьялардын кеңешине караштуу дисциплинардык комиссияга кайрылууну пландап жатат.