Бийликти узурпациялоо, Батукаевди бошотуу жана ЖЭБди жаңыртуу. Депкомиссия Атамбаевдин дарегине коюлган айыптарды атады

Контекст: Депутаттар Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн комиссияны ал парламентти «чимкирик» деп экинчи жолу атагандан кийин июндун ортосунда түздү.

Атамбаевди анын учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан араздашуусунун шартында кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөшүүдө. Бул Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратууну шарттаган механизмдери бар мыйзам долбооруна кол койгондон кийин мүмкүн болду.

Депкомиссия 17-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы айып тагып, аны жоопкерчиликке тартыш үчүн андан кол тийбестикти алууну сунуштаган.

Депутаттардын айтымында, Атамбаев президент, анын ичинде өкмөт башчысы болуп турган учурунда кызматтык абалынан кыянат пайдаланган. Эл өкүлү Талант Мамытов экс-президентти жоопкерчиликке тартуу керектиги боюнча фактыларды келтирген. Депутаттар парламенттин спикеринен Атамбаевге каршы айыптарды коюп, андан тышкары, анын аракеттерине өз корутундусун бере турган өзүнчө атайын комиссия түзүүнү суранышкан.

Бийликти узурпациялоо. Депутаттардын пикири боюнча, Атамбаев бийлик бутактарынын бардыгын колдонуп, уюшкан кылмыштуу топ түзүп, өз решимине каршы чыккандарды куугунтуктаган — депутаттарды, судьяларды, активисттерди жана журналисттерди.

«Ал бийликтин башка органдарынын ишмердигине мыйзамсыз кийлигишкен. Анын жыйынтыгы Тарых музейинин реконструкциясындагы, ЛЭП Датка-Кемин жана альтернативалуу Түндүк-Түштүк жолунун курулушундагы, Жогорку-Нарын ГЭС каскадындагы долбоорлорду алып баруудагы уюшулган кылмыштык аракеттер болду», — деп айтылат парламенттин спикери Дастан Жумабековго узатылган депутаттардын кайрылуусунда.

Бишкек ЖЭБди жаңыртуу. Парламентарийлер 386 млн доллар кеткен Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга Атамбаевдин тиешеси бар деп эсептешет. Кыргызстан бул акчаларды Кытайдын Эксимбанкынан насыяга алган.

Бул иш боюнча жогорку кызматтарды ээлеген мурдагы аткминерлер менен Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү, анын ичинде экс-премьер-министр Сапар Исаков соттолушууда.

«Анын буга тиешеси, экс-президенттин Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы чечимдердин бардыгы [...] жеке өзү тарабынан кабыл алынгандыгы тууралуу саясий билдирүүлөрү менен тастыкталууда», — деди депутат Мамытов.

Батукаевдин бошотулушу. Депутаттар экс-президентти кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы Нарындагы абактан бошотулушуна буйрук берип жана координациялаган деп айыпташты. Криминалдык авторитет абактан жасалма диагноз аркылуу бошотулуп, дароо эле өлкөдөн чыгып кеткен.

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иликтөөнү 2019-жылы жанданткан. Учурда бул иш боюнча врачтар, судья, прокурор, ошондой эле чоң мансаптагы аткаминерлер: мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова жана саламаттык сактоонун экс-министри Дамира Сагынбаева.

Жерлерди мыйзамсыз алуу. Эл өкүлдөрү Атамбаев мыйзамдарды сактабай туруп «Кой-Таш» айылынан жер алган деп билдиришти. Ал жерге мурдагы президент өзүнө турак жай курган. Депутаттардын айтымында, Атамбаев 2011-жылы премьер-министр болуп турган учурда Чүй облусундагы 35 гектар жерди мыйзамсыз трансформация кылып, ал жакка котеж шаарчасын салган. Ал жерлер айыл чарба статусунан «калк отурукташкан жерлер» категориясына өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, парламентарийлер бийлик Ыссык-Көлдөгү Чоң-Сары-Ой айылындагы жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз берген деп айтышууда. Кийинчерээк аталган жердин кайсы бир бөлүгү Атамбаевге өткөн.

Атамбаев менен аффилирленген компаниялар. Депутаттар үч ири компания — «АКА Инвест», «Терексай Жаштары» жана «Хуасинь инвестициялык компаниясы» — экс-президент менен аффилирленгенин билдиришти. Акыркы эки компаниянын Жалал-Абадда сурьма иштетүүгө лицензиясы бар, ал эми биринчи компания мамлекетке таандык «Мегаком» байлыныш операторун сатып алганы жаткан.

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү. Депутаттар Атамбаевди «Прогресс компани» жана «Рассвет компани» ишканаларынын кызыкчылыктарын сүрөгөн деп айыпташты. Аталган компаниялар Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирип турган. Мында эл өкүлдөрү мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын 2016 жылы фейсбукта жазгандарын келтирип өтүштү. Салянова «Жезказган Энергосбыт» компаниясы көмүрдү арзан баада сунуштаган деп билдирген. Ал эми ортодогу баадагы айырма миллион долларларды түзөөрүн айткан.

Атамбаев Орусиянын жарандарына курал берди. Атамбаев Орусиянын 123 жаранына сыйга берилүүчү ок атуучу курал белекке берген, бирок муну Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салым үчүн гана белекке берсе болот. Депутаттар курал алган Орусиянын кээ бир жарандары кыргыз жеринде болбогонуна, ал эми алардын кээ бирөөлөрү уюшулган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болгонуна нааразы болушкан.