Көчө аталыштарындагы каталар үчүн «Бишкек башкы архитектуранын» кызматкерлери сөгүш алышты

Сүрөт: «АКИпресс» басылмасы

«Бишкек башкы ахритектура» ишканасынын башчысы Асхат Түлебердиев ШКУ саммитине арналып орнотулган көрсөткүчтөрдөгү каталар үчүн тартипке чакыруу чарасы тууралуу буйрукка кол койду. Саммит Бишкекте 13-14-июнь күндөрү болуп өткөн.

Мекеме башчысынын орун басары менен сырткы жарнама бөлүмүнүн адиси тактачалардагы каталар үчүн сөгүш алды. Көчө аталыштары жазылган тактачаларда Жаш гвардия бульварынын англисче транслитерациясын MOLODAYA дегендин ордуна MOLODOI GVARDIA boulevard деп ката жазып коюшкан.

Ошондой эле социалдык тармактардын колдонуучулары Жибек-Жолу проспектиси тактачасынын англисче транслитерациясынан да ката табышкан — Jibek Jolu avenue деп жазуунун ордуна Hibek Jolu avenu деп жазышкан.