Атамбаев: «Тарапташтарым шайлоого тынч даярдана алышы үчүн Путин Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө»

Иллюстративдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин расмий билдирүүсүн 25-июлда анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбуктагы барагында жарыялады.

Атамбаев кайрылуусунда, Орусия «дос жана стратегиялык өнөктөш», бирок Кыргызстан ички маселелерин «өзү чечет» деп айтты.

Ошондой эле ал Путин менен Кыргызстанга саясий туруктуулук керек экенин сүйлөшкөнүн кабарлады.

«Биз дагы бул эки тарапка жүрүүчү жол деп эсептейбиз. Учурдагы бийлик укуктук талаага кайтып келиши керек», — деди Атамбаев.

Ал кошумчалагандай, соттор «иштерди объективдүү карашы» керек, ал эми учурдагы бийлик атаандаштарына саясий куугунтук жүргүзүүсүн токтотуп, анын тарапташтарына шайлоого «тынч» даярдануусуна жол бериши керек. Атамбаев билдиргендей, Путин бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө.

«Жээнбеков тараптан ушундай кадамдар болуп жатканын көргөндө, оппозициянын күн тартиби дароо өзгөрөт. Саясий чыңалуу төмөндөйт. Кыргызстандын келечеги үчүн биз дагы ушуну каалайбыз», — деп айтты мурдагы өлкө башчысы.

Атамбаев бийликтен ушул жылдын сентябрына чейин «конкреттүү аракеттерди» күтүп жатышкандарын эскертти.

Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу Москвада 24-июлда болуп өттү. Жолугушуудан кийин Путин кыргызстандыктар саясий туруктуулук үчүн учурдагы лидер Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригиши керек деп билдирген.

Атамбаев Москвага 24-июлда ИИМдин суракка чакырууларына үч жолу барбай койгондон кийин учуп кеткен. Парламент аны экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыраткандан кийин ага суракка чакыруу кагаздары келе баштаган.

Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат. Алардын жаңжалы 2018-жылы жазында — Жээнбеков мурдагы президенттин коррупцияга каршы кампаниясынын жыйынтыктарына шектенгенине Атамбаев нааразы болгондуктан башталган.

ТЕМА БОЮНЧА: