Бишкек: «Слоники» балдар аянтчасы сүрдүрүлүүдө

«Онурхан» курулуш компаниясы 7-августта Токтаналиев (мурдагы Дүйшөмбү көчөсү) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Слоники» балдар аянтчасын сүрдүрө баштады. Балдар аянтчасын активисттер 2015-жылы өз күчтөрү менен калыбына келтиришкен.

Балдар аянтчасын бузуп башташканы тууралуу активист Айканыш Дербишева фейсбукка жазган.

«Бул ылдыйкы Дүйшөмбү көчөсүндөгү коомчулуктун жардам сурап кайрылган акыркы мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн… Азыр жашооочулар колдоо көрсөтүүнү суранышууда. Келгиле эмне кылса болоорун бирге ойлонуп көрөлү?» — деп жазган ал.

Аянтча. 2019-жылдын август айы

Дербишеванын айтымында, Бишкек райондор аралык соту март айында компанияга жерлерди 49 жылга ижарага алуу укугун кайтарган, аны менен бирге балдар аянтчасын бузууга уруксат берген. Активисттер менен курулуш компаниянын соттук талаш-тартышы 2016-жылдан бери созулуп келүүдө.

«[Сот өтүп жатканда] аңгыча үй куруучу үйлөргө барууну улантып, тургундарды сатып алууга аракет кылган, башкаларга аянтчалардын ордуна дагы жакшысын куруп беребиз деп убадалап, калган бактарды кыйып салган», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, «Онурхан» компаниясы 3-августта балдар аянтчасында иш баштоого аракет жасашканда, расмий документтердин жоктугунан тургундар милиция чакырышкан.

«Онурхандын» башчысы Айбек Мамасейитов «Клоопко» балдар аянтчасынын айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Анын айтымында, аянтчада курулуш иштерин TS-Group компаниясы жүргүзөт.

TS-Group компаниясынан да балдар аянтчасын сүрдүрүүсүнө комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Слоники» балдар аянтчасын 2015-жылы «Шаардык демилгелер» фондундагы активисттер реставрация кылышкан. Бишкек мэриясы 2009-жылы TS-Group компаниясына жер участогун 49 жылга ижарага берген, ага «Слоники» аянтчасынын аймагы да кирген.

ТЕМА БОЮНЧА: