Мэрия башаламандыктардан улам калаага келтирилген зыянды эсептеп жатат — 29 автобус жабыркаган

Бишкектин автобусу. Башаламандыктардан кийин. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова калаа бийлиги 8-августтан кийин шаарга келтирилген зыяндын суммасын эсептеп жатканын «Клоопко» кабарлады.

«ТКЧ боюнча — бул аянттагы стенддер, темир тосмолор — зыяндын суммасы 190 миң сомдон ашкан. Аялдамалар жабыркаган, ал жерде дагы 60 миң сом», — деп билдирген кеңешчи.

Анын айтымында, эң эле көп чыгым 29 автобусту калыптандырууга кетмекчи. Ал 9-августта башаламандык Көк-Жарда болгонун, ал жерде нааразылыкка чыккандар милиция кызматкерлерин ташыган автобустар үчүн жолду бууп, аларга «Молотов коктейлин» ыргытышканын түшүндүрдү.

Автобустардын терезелери, күзгүлөрү сынып, ошондой эле дөңгөлөктөрү жана орундуктары бузулган.

«Эң башкысы жабыркаган 29 автобустун зыянын суммасы эсептеле элек — алардын ичинен эки автобус жараксыз абалга кептелген. Бир нече миллион болсо сумма бир кыйла көп эле болсо керек», — деп эсептейт Алмамбетова.

Ошондой эле митингчилер мэрия жакында эле жаңы таштанды үкөктөрүн өрттөшкөн. Бишкектеги башаламандыктар 8-август күнү түн ичинде орун алган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынан кийин Ала-Тоо аянтында миңден ашуун адам чогулган, бирок милиция кырдаалды көзөмөлдөй алган.