Бабанов УКМКга суракка чакырылды

УКМКдан билдиришкендей, президенттикке мурдагы талапкер жана бизнесмен Өмүрбек Бабанов тергөөчүлөр менен жолугушууга күбө катары чакырылган. Аны 2017-жылы Оштун Амир-Тимур кичи районунун тургундары менен жолугушууда айткан сөздөрүнө байланыштуу суракка алышат.

Суракка чакырылганы тууралуу Бабанов 19-август күнү кечинде финполдун тергөөчүлөрү менен жолугушуудан кийин журналисттерге өзү кабарлаган. Ал кайсыл иш боюнча УКМКга чакырылганы боюнча суроого жооп берген эмес.

«Эгер мен Сооронбай Жээнбеков жана учурдагы бийлик менен сүйлөшүп алган болсом, анда мени суракка чакырып, төрт сааттан ашуун кармашпайт эле деп ойлойм», — деп келтирет Бабановдун айткандарын «Тазабек» басылмасы.

Ал жакын арада басма сөз жыйын өткөрүп, «Кыргызстан» банкынын акциялары, анын ичинде аларды кандай жол менен сатып алганы тууралуу айтып берээрин кошумчалады. «Кылмыш иштеринин бардыгына мыйзам чегинде жооп берем. Бизнестен баштаганымды бардыгы билишет. Мүлктөрүмдүн бардыгын базардагы шарт менен сатып алгам, мамлекеттен тартып алган жокмун».

Бабанов сурактарга бараарын билдирип, ал эми өзүнө каршы козголгон кылмыш иштерин «ойдон токулган» деп атады.

УКМК 2017-жылдын аягында Бабановго каршы эки кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши ага ал президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин козгогон. Шайлоодо ал бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Мурдараак атайын кызмат Бабановду кармашаарын билдирген.