Акаев Кыргызстанга келсе суракка чакырылат — Башкы прокуратура

Башкы прокуратура 23-августа билдиргендей, эгер мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келе турган болсо суракка алынып, аракеттерине юридикалык баа берилет.

Сурак жакын туугандары кылган кылмыштарга анын тиешеси бар-жогун аныкташы керек. Башкы прокуратура ЖМКлардагы талкуулардан улам Акаевдин үй-бүлөсүнө жана жакын адамдарына каршы кылмыш иштер тууралуу эскертти.

Талкуулар Бермет Акаеванын жакында Кыргызстанга келишинен улам келип чыккан. Качкын президенттин айтымында, ал «туугандарына жолукканы барган».

Башкы прокуратурадан Акаевдин аялы Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» кайрымдуулук фондунун ишмердигине байланыштуу 30дан ашуун кылмыш иши козголгонун кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, фонддун ишмердигинен тийген зыяндын өлчөмү 64 млн сомду түзгөн, ал эми ондогон имараттар менен башка мүлктөр мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевге «Алдамчылык», «Салык төлөөдөн баш тартуу» сыяктуу беренелер боюнча мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Ошондой эле сот аны «Манас» аэропортунун пайдасына 10 миллион долларга жакын акча төлөп берүүгө милдеттендирген.

Качкын президенттин уулу Айдар Акаевге карата төрт кылмыш иши козголгон жана алардын келтирген зыяна 3 миллион долларды түзгөн. Башкы прокуратура ишендиргендей, дагы 11 кылмыш ишинде «анын күнөөлүү экендигине түз же кыйыр далилдер» бар.

Көзөмөл орган билдиргендей, эл аралык издөөгө качкын президенттин уулу Айдар Акаев, күйөө баласы Адил Тойгонбаев жана башка туугандары жарыяланган.

Акаев 2019-жылдын март айында орусиялык журналисттерге Кыргызстанга кайтып келиши ыктымалдыгы тууралуу билдирген. Ал «[кайтып келүү үчүн] формалдык тоскоолдуктар жок» экенин белгилеп өткөн.

Аскар Акаев — 2005-жылы 24-мартта Курманбек Бакиев башында турган оппозиция тарабынан кулатылган Кыргызстандын тунгуч президенти. Ал коррупцияга айыпталган үй-бүлөсү менен чогуу Москвага көчүп кеткен жана ошол маалдан бери илимий ишмердик кылып жүрөт.