УКМК чек арадагы чырга байланыштуу чагымчыл маалыматтарды жайылтуудан алыс болууга чакырды

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кыргызстандыктарды «чагымчыл чакырыктар менен улут аралык кастыкты козуткан комментарийлерди» жайылтуудан алыс болууга чакырды.

Комитет бул улут аралык кастыкка алып келип, эки мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетириши мүмкүн деп эсептейт. УКМК «улут аралык маанайдын негизинде» каршылык акцияларга жана массалык башаламандыктарга алып келе турган өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын «курчуп кетишин болтурбоого» багытталган иш-аракеттерди көрүп жатат.

«УКМК буга байланыштуу, коомдогу чыңалууну алып келе турган маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө чек арага чектеш «Максат» районундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекеттин өкүлдөрү тарабынан жолугушуулар менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп жатканы айтылат.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-августта курчуп кеткен. Атышуунун натыйжасында кыргыз аскери каза таап, дагы 13 адам ар кандай оор деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми 17-сентябрда жарадар болгон 10 адам учак менен Бишкекке жеткирилген.

Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышууда. Тажик тарап 12 адам жарадар болгонун кабарлаган, бирок кийинчерээк тажик ЖМКлары чыр-чатак учурунда өлкөнүн үч аскер кызматкери каза тапканын жазып чыгышкан.