Бишкек: УКМКнын атын жамынып орусиялыктарды тоногондор изделүүдө

Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы маалымдагандай, карактоо 17-сентябрда Бишкек — Торугарт жолунда орун алган.

Милициянын маалыматына ылайык, белгисиз эркек кишилер орусиялык жарандар отурган машинаны токтотушуп, өздөрүн Кыргызстандын УКМКсынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан.

Мындан кийин алар орусиялыктардын документтерин сурашып, алардын баштыктарын карап чыгышып, байкатапай 10 миң рубль акчасын чыгарып алып качып кетишкен.

Милиция карактоого шектелгендер УКМКда иштебегенин аныктаган. Алар учурда изделүүдө.

Kaktus.Media басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып билдиргендей, жабыркаган орусиялык жарандардын бирөөсү соттун төрагасы болуп чыккан.