3 жылдык тажрыйбасы бар мугалимге «Билим берүүнүн мыктысы» наамы эмне үчүн берилген?

Билим берүү министрлиги мугалимдердин кесиптик майрамына карата 4-октябрда өлкөнүн бир канча мугалимдерин ар кандай наамдар менен сыйлаган. Алардын катарында Ош шаарынан 23 жаштагы географ Бактыгүл Жапар кызы да «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алган.

Үч жылдык тажрыйбасы бар мугалимдин беделдүү наам менен сыйланганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, буга карата оң жана терс пикирлер айтылды. Мындан тышкары, айрым ЖМКлар Жапар кызы билим берүү министри Каныбек Исаковго тууган болгонун жазып чыгышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы 7-октябрда бул боюнча расмий билдирүү таратты. Анда министр менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жок экени жазылган. Ошондой эле, Жапар кызына наам Ош шаарында өткөрүлгөн «Жыл мугалими — 2019» сынагынын жеңүүчүсү аталганы үчүн берилгени айтылат.

«Бактыгүл Жапар кызы Билим берүү министрилигин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, аталган төш белгиге мыйзамдуу түрдө татыган», — деп билдиришти министрликтен.

Материал жарык көрөөр алдында, билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кеңири маалымат алуу үчүн жеткиликсиз болду.

«Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси адатта илимий-педагогикалык эмгек тажрыйбасы 20 жылдан кем эмес мугалимдерге берилип келет. Мындан тышкары, окуу китептеринин жана автордук колдонмолордун авторлоруна, министрликтин ардак грамотасы менен үч жолудан кем эмес сыйлангандарга ыйгарылат.

Практика көрсөткөндөй аталган наам бир гана агартуу иштерине көп жыл бою салым кошкондорго гана берилбейт. Буга чейин билим берүү тармагында тажрыйбасы аз болсо да, парламентарий Тазабек Икрамов «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине татыган.

Икрамов «Клооптун» журналистине Жалал-Абаддагы жаш спортчулардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн төш белгини алганын айткан. Депутат Жалал-Абад облусундагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын филиалында эки жыл дене тарбия мугалими болуп эмгектенген.