Бир жыл мурда ЖМКлардын бардыгы Кыргызстандагы биринчи бионикалык протездин ойлоп табуучулары тууралуу жазып чыгышкан. Кыргыз-Орус Славян университетиндеги пластикалык хирургдардын конференциясында пластикалык хирург Султан Тукешов роботтошкон кол прототип экенин билдирген. Бирок жасалма колду тагынган 10 жаштагы Алия бул иш-чаранын коноктору менен саламдашып учурашкан.

Сахнанын артында Тукешовдун жетекчилигинин алдында бул протездин үстүндө иштешкен политех жана медакадемиянын студенттери жашынып турушту. Арген, Дастан, Улан, Урмат жана Адилет жасалма колдун үстүнөн дагы да иштеш керек экенин уялып мойнуна алып жатышты. Протездин кемчиликтеринин бири катары анын салмагы айтылды. Алар өздөрүнө бир жылда протезди 200 граммга чейин жеңилдетүүнү максат кылышты.

«Клооптун» журналисттери тарткан бул чакан тасма Кыргызстандагы алкачкы бионикалык протездин ойлоп табуучулары кантип максатына карай кадам жасаганын көрсөтүп берет.